Орусия шейшембиге караган түнү украин аймагын 60 дрон менен аткылап, 43ү атып түшүрүлдү же өздөрү кулады. Бул тууралуу Украинанын абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, 9 пилотсуз учак бутага тийген, бир нече жерде аппараттардын сыныктары кулаган. Бирок кайсы жайлар бутага алынганы айтылган жок.
Днепропетровск облусунун администрациясы беш дрон атып түшүрүлгөнүн, чабуулдан айыл чарба ишканасы жабыркаганын, эки киши жараат алганын маалымдады.
Сумы облусунун жетекчилиги кабарлагандай, өнөр жай ишканасын өрт чалды, транспорт зыян тартты.
Бул соккуларды Москва комментарийлеген жок.
Анын алдында Орусия үч түн катары менен кошуна өлкөсүнүн аймагына дрон жана ракеталар менен жапырт чабуул коюп келген. Дүйшөмбүгө оогон түнү 355 пилотсуз учак атылып, согуш башталгандан бери эң масштабдуу сокку болуп калды.
АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путинди украин шаар-кыштактарына урулган соккулар үчүн катуу айыптады.
Орус армиясы аскердик жайларды бутага алганын айтууда.
Ал ортодо WSJ басылмасынын ырасташынча, Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракеттеринен чарчады жана андан майнап чыкпаса бул процесстерге катышуудан баш тартууну караштырып жатат.
Ошол эле маалда мындай сүйлөшүү жараянынан АКШ чыкса эмне болору, Вашингтон Киевге аскердик жардам көрсөтүүсүн улантабы же жокпу, белгисиз.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт бул басылмага "президент Трамп сүйлөшүү жолу менен тынчтык келишимине жетүү керектигин так билдирди" деген оюн айткан.
16-майда Вашингтондун арачылыгы менен Стамбулда Москва менен Киевдин үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү уланган. Бирок ок атышууну токтотуу тууралуу тараптар макулдашууга жеткен жок.
Шерине