Улуттук банк 26-майда валюта базарына 59,8 миллион доллар сатты жана бул жыл башынан берки үчүнчү интервенция болуп калды.
Аталган банк мындан бир ай мурда, 29-апрелде 158,3 миллион доллар, жыл башында болсо 79 миллион доллар саткан.
Өлкөнүн негизги банкы былтыр валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.
Дагы караңыз
Шерине