Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Ливерпулда машина тебелеп кеткен төрт кишинин абалы “өтө оор”


Машина элди сүзгөн жер. Ливерпуль, 26-май, 2025-жыл.
Машина элди сүзгөн жер. Ливерпуль, 26-май, 2025-жыл.

Ливерпуль шаардык округунун мэри Стив Ротерам алдыңкы күнү машина тебелеп кеткен төрт кишинин абалы “өтө оор” экенин, алар жакшы болуп кетет деп үмүттөнөрүн айтты.

Дүйшөмбүнүн кечинде “Ливерпуль” футбол клубунун күйөрмандары команданын Англиянын Премьер-лигасындагы жеңишин майрамдап жатканда аларды машина сүзгөн.

Маалымат каражаттары 20 кишиге ошол жерде жардам көргөзүлүп, 27 киши ооруканаларга жеткирилгенин, арасында төрт бала болгонун жазган. Айдоочу, 53 жаштагы жергиликтүү тургун дароо кармалган.

Британ полициясы окуяны теракт деп эсептебегени менен ал киши жоон топ адамды эмне себептен тебелеп кеткенин айта элек. Тартип коргоочулар иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, элди “спекуляциялардан карманууга” чакырды.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер окуя үрөй учурар экенин айтып, жарадар болгондорго тилектештигин билдирди.

“Ливерпуль” акыркы жолу Премьер-лиганы COVID пандемиясы маалында уткан. Анда карантинден улам майрамдык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.


Шерине

XS
SM
MD
LG