Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

«Клооптун» журналисттеринин жакындары, кесиптештери УКМКнын жанында турушат


Журналисттер УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жанында турушат, 28-май, 2025-жыл
Журналисттер УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жанында турушат, 28-май, 2025-жыл

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, «Клооп» басылмасынын журналисттеринин адвокаты Бакыт Автандилди саат 22.00 чамасында УКМКнын имаратына чакырып кетишти.

Ага чейин Автандил саат 15.30дан бери УКМКнын имартына кире албай жатканын айтып, журналисттерди адвокатсыз суракка тартышканын маалымдаган.

Автандил журналисттерге кандай айып тагылып жатканынан кабары жоктугун билдирген. Бул тууралуу медианын телеграм-каналында айтылат.

“Алар (атайын кызмат) профилактикалык максатта сүйлөшүп жатышканын айтышты. Бирок үйлөрүндө тинтүү жүргөндө кайдагы профилактика болушу мүмкүн? Алар бир нерсеге шектелип жаткандыктан бул жерге алып келишти. Адвокаттардын журналисттерге кое берилбей жатышын Кылмыш-жаза кодексин одоно бузуу деп эсептейбиз”, - деп айткан Автандил.

Адвокат өз маалыматтарына таянып, "улут аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кылмыш иш козголгонун айтып, бул маалымат такталууга тийиш деп кошумчалады.

Шаршембиде саат 18ден бери УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жанында 20дан ашуун киши - кармалган журналисттердин жакындары, кесиптештери топтолуп турушат.

28-майда «Клооп» басылмасынын үч журналисти - Зыягүл Болот кызы, Александр Александров, Айдай Эркебаева жана мурдагы кызматкерлери Зара Сыдыгалиева менен Жоомарт Дуулатов УКМКда сурак берип жатканы кабарланган.

Эртең менен басылманын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын, кийинчирек Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болгон.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлери тинтүүдөн кийин Зыягүл Болот кызынын ноутбугун жана смартфонун алып кетишкен.

УКМК журналисттердин үйүлөрүн тинтүү жана суракка алынганы жөнүндө азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда Kloop басылмасынын сайты бөгөттөлгөн.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG