Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

20 жылдык: Беш бала жетим калды, кызганычтан кыйылган өмүр


38 жаштагы келиндин мектептеги кечеден түшкөн сүрөтү
38 жаштагы келиндин мектептеги кечеден түшкөн сүрөтү

26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя болду. Алдын ала айтылгандай, кылмышка кызганыч себеп болгон. Күйөөсү жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Маркум келиндин артында жашы жете элек беш баласы калды.

"Маркумдун артында беш баласы, күйөөсүнүн 90 жаштагы энеси калды"

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагындагы Сай айылына турмушка чыгып, очор-бачар болгон, беш баланын апасы 26-май күнү өтүп жаткан 20 жылдык кечеге катышуу үчүн Өзгөн районундагы Алга айылына күйөөсү менен чогуу барган. Мектептеги кечеден кийин жубайлар Сай айлындагы үйүнө кайтышкан.

38 жаштагы келиндин сиңдиси Би-би-си радиосунун журналистине жездеси эжесин мылтык менен атып салганын айтып берген.

"Күйөөсү 20 жылдыкка чогуу келген, жанында турган. Интернетте ар кандай имиш тарап жатат. Алар туура эмес. Эжем күйөөсүн кызгандыра турган эч нерсе кылган эмес. Эч кимдин колун кармаган да эмес, жетелешип, айланып бийлеген да эмес. Мектептеги азем бүткөн соң үйгө келишкен. 20 жылдыкта классташтары менен башка эч жакка барган жок. Апам аш баскан, тамак жеп, үйдөн чогуу чыктык. Алар жолдон мени таштап, андан ары кетишкен. Кечинде үйүнө баргандан кийин ушул окуя болуптур. Мылтык менен эки жолу аткан экен, ок оң көкүрөгүнө тийиптир. Башы таза, атка сүйрөткөн деген маалыматтар туура эмес".

Өзгөндүн Алга айылынын Кимсан Ботобеков атындагы орто мектебинин директору Мирбек Абдуллаев 26-май күнү эртең менен майрамдык иш-чарага барып катышканын, азем тынч, эч бир жамандыктан шек-шооратсыз өткөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

“Саат 9да баштайсыңар деген, 9:15те баштагам, 11де аяктаган. Жыйырма жылдыктар иш-чарага катышып, эч бир маселе болбой эле чыгып кетишкен, ыраазычылык билдирип, өзүм узаткам. Алар мектептеги жолугушуудан кетип, окуя анан кечинде Кара-Кулжада болуп атат. Ал кыз жоош, ата-энеси да эч жамандык кыла турган адамдар эмес болчу. Ал кыздын бизге дагы тууганчылыгы бар, акебиздин кызы эле. Маркумду узатуу тажыясы кыздын атасынын үйүндө болду. Кечээ тажыясын өткөрдүк”, - дейт мектеп директору Мирбек Абдуллаев.

Сай айылынын башчысы Акундун айтымында, маркум келиндин артында жашы жете элек беш баласы калды. Кылмышка шектелип жаткан күйөөсү үйдө 10 бир туугандын эң кичүүсү болгондуктан, 90го таяп калган апасы анын колунда эле.

“Жакшы эле жүрчү эле. Жашоо-турмушу деле жакшы болчу. Келин үйүнөн деле чыкпайт эле, мал-жанын карап жакшы эле жүрчү. Беш баласы бар болчу – чоңу 11-класс болсо керек (айрым маалыматтарда студент деп айтылууда - ред.), экинчиси 9-класс, калганы жаш. Аялы менен кошо барган экен. Келгенден кийин ошондой окуя болуптур деп айтышты. Мурда жөлөк пул алышчу, шектүү делген баланы ошондо көрүп калчумун. Кийин албай калган. Он бир тууган эле – 4 кыз, 6 уул эле. Андан улуу үч акеси, дагы бир кыз бир тууганы өтүп кеткен. Бул бала эң кичүүсү болчу. Апасы 90го чамалап калган, менин аяш энем болчу – өтүп кеткен улуу баласы менен классташ элем. Он күндөй мурда үйүнө барган болчумун, бир кыйла бошошуп калган экен. Ошол кишиге эле жаман болду баарынан да, кароосуз калды”.

27-майда Ош облустук милициясы тараткан маалыматка ылайык, "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды:

"26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылган маалыматта.

Кылмышка шектүүнүн жакындары менен жактоочусу үн ката элек.

"Эркектин көйгөйү, үй-бүлөлүк зомбулук"

Кыргызстанда мектепти бүтүрүүнүн 10-20 жылдык мааракелери өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолгон иш-чараларга айланып келет. Он-жыйырма жылдан кийин өлкөнүн, а балким дүйнөнүн чар тарабынан чогулган мурдагы классташтар өмүрлүк жолдоштору жана жубайлары менен бирге мектептин “Акыркы коңгуроо” майрамына катышып, андан ары кафе-ресторандарда же табияттын койнунда майрамдык мааракелерди уюштурушат.

Муну менен катар, соңку жылдары кайсы бир жылда туулган муундардын өлкө боюнча курултайлары да туруктуу адатка айланып барат. Алар "Ынтымак курултайы" деп аталып, спорттук иш-чаралар жана ар түркүн оюн-зооктор менен коштолот.

Билим берүү жаатындагы эксперт Асылбек Жооданбеков коомдун деңгээлине, баалуулуктарына жараша ар кандай иш-чаралар өтө берерин айтат. Ал маселенин тамырын коомдогу аң-сезимдин, билимдин жетишпей жатышынан, эркектердин өзүнө болгон ишеним комплексинен жана аялзатына болгон зомбулук мамиленин жогору экенинен көрөт.

“Тилекке каршы, Оштогу 20 жылдыкта аялын өлтүргөндүгү – бул биздин коомдогу эркектердин кызганычы, биздин коомдогу зомбулук. Менин оюмча, биздин коомдо кызганычтын негизги эки себебин көрүп атам. Биздин коомдо, тилекке каршы, эркектердин өзүнө болгон, коомго карата ишенбестиги жана билиминин төмөндүгү күч. Өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгүнөн улам эркектерде аябай кызганыч пайда болот. Кызганычтын экинчи себеби – коомдо аялды менчиктеп алган көрүнүштөр көп. Тилекке каршы, кыргыз коомунда аялды менчиктеп, ошону даңазалаган көрүнүштөр өтө көп. Ошондон улам, жанагыдай терс көрүнүштөр болуп жатат. Эгерде ал 20 жылдыкта болбосо, башка бир иш-чарада, башка бир майрамда, же болбосо үй-бүлөлүк мааракеде болушу мүмкүн эле. Ошондуктан, коомдун аң-сезимин көтөрүү, билимди арттыруу боюнча иштеш керек. Мисалы, азыркы күндө коомубузда, мамлекеттик деңгээлде дагы зомбулуктун элементтери көп. Акылдын, билимдин үстөмдүгү эмес, күчтүн үстөмдүгү кылган көрүнүштөр көп. Муну ошонун бир көрүнүшу катары карайт элем”.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда жакынкы эле 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG