Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Орусия Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылды


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусия Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын эмки дүйшөмбүдө, 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүндө айтылат.

Башкы дипломат белгилегендей, Москва Киев менен тынчтык келишиминин меморандумун иштеп чыкты. Аны президент Владимир Путиндин жардамчысы, сүйлөшүүлөрдөгү делегациянын жетекчиси Владимир Мединский сунуш кылмакчы.

Лавров Стмбулда 16-майда болгон жолугушууда тараптар жаңжалды жөнгө салуу үчүн позицияларын чагылдырган документ даярдоону макулдашканын билдирди.

28-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын жана Орусиянын мамлекет башчылары менен үч тараптуу жолугушууга даярдыгын билдирген. Ал ошондой эле Киев Ватикандагы же Швейцариядагы техникалык жолугушууларга даяр экенин белгилеген. «Жогорку деңгээлдеги жолугушуу, тараптар кааласа, алдын ала даярдыксыз деле өтүшү мүмкүн» - деп кошумчалады Зеленский.

Буга чейин Лавров Москва Украинадан мурдагыдай эле “бардык дискриминациялык мыйзамдардын” жоюлушун, өлкөнүн ядролук куралга ээ болбошун талап кыларын айткан.

Шейшембиде Ак үйдүн атайын чабарманы Кит Келлог Трамп, Путин жана Зеленскийдин кездешүүсү Женевада өтүшү ыктымал деп билдирген. Дипломаттын айтымында, Киев ок атууну токтотуу шарттары камтылган документти тапшырды, эми Москва тараптан ушундай эле меморандум күтүлөт.

16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG