Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист Канышай Мамыркулованын адвокаттарынын аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке кагып, айыпталуучуну тергөө абагында камакта калтырды. Процесс маалында айыптоо актысы окулду жана анда Мамыркулованын Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүлөрү камтылганы белгилүү болду.
Журналист өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай турганын айтты. Ал эки ай мурда "массалык баш аламандыктарга чакырык жасаган" деп айыпталып, кармалган.
Айыптоо актысындагы жагдайлар
Канышай Мамыркулованын иши боюнча 21-майда уланган соттук отурумга алгач журналисттер киргизилген жок. Бул аралыкта адвокаттар аны үй камагына чыгарууну өтүнүп, сот аны канааттандырбаганы маалым болду. Судья Бактыяр Алибаев бир аздан кийин кабарчылардын кирүүсүнө уруксат берип, бирок сот менен прокурорду видеого тартууга чектөө койду.
Мындан соң прокурор айыптоо актысын окуп, Мамыркуловага Фейсбуктагы пикирлерине байланыштуу айып тагылганын билдирди. Прокурор буга журналисттин кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди сындаган постторун мисал келтирди.
Прокурор Нурсултан Эстебесовдун сөзүнөн үзүндү келтирели:
“Канышай Мамыркулова жогорку билимдүү болуп туруп, көп жылдан бери журналистика ишмердиги менен алектенип, өзүнүн нааразычылыгын жана пикирин кагаз бетине түшүрүп, мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын сот системасына даттанып, кайрыла ала турганына карабастан конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштарды жасаган. Тактап айтканда, Мамыркулова болжол менен март айынын башынан баштап, 20-мартка чейин […] өзүнүн 18 миңден ашуун катталуучусу бар Фейсбук социалдык тиркемесиндеги жеке баракчасы аркылуу Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча негативдүү болгон (...) маалыматтарды таратып, эл алдында сүйлөө өнөрүнө ээ болуу менен элди туура эмес нукка ынандыруу максатында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасаган”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сот Канышай Мамыркулованы камакта калтырды
Прокурор айыпталуучунун ондогон постторун сөзмө-сөз окуп, соттук-лингвистикалык жана дин таануу экспертизасынын корутундусунда мында “массалык баш аламандыктарга чакыруу жана улуттар аралык кастыкты козутууга чакырыктар жасалган” деп табылганын айтты.
Сот Мамыркуловага сөз бергенде ал “айыпты толугу менен мойнуна албай турганын” айтты. Адвокаттар да айыптоо актысындагы жагдайларга, экспертизанын корутундуларына каршы пикирлерин келтиришти. Талаш-тартыштан соң отурум 4-июнга калтырылды.
Канышай Мамыркулова сот процесси аяктап жаткан маалда буларды айтып үлгүрдү:
“Коюлган айыптардын эч бирине макул эмесмин. Ушул жерден мен тарапташтарыма айтып алайын, келип атканыңарга чоң рахмат. Айтарым, тажия болбой, той болуп турсун. Ар дайым той болуп турсун!”.
Эркин журналистке кылмыш ишин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгоп, сотко ашырган.
Шаардык милициянын кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган.
Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Иштин өзүн Октябрь райондук соту карап жатат.
Мамыркулованын адвокаты Нурбек Сыдыков мындай деди:
Нурбек Сыдыков
“Бүгүн жактоочулар бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген болчубуз, тилекке каршы сот аны канаттандырган жок. Мындан тышкары бүгүн эксперт суралмак, бирок экспертти камсыз кылышкан жок. Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренесинин биринчи бөлүгү жана 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү боюнча айып угузулду. Канышай Мамыркулова жана жактоочу тарап айыптоо менен макул эмес”.
Журналисттин саламаттыгы жана сөз эркиндиги
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
Журналист Жаркын Ибраева "Азаттыкка" буларды билдирди:
Жаркын Ибраева
“Жакындарын, санаалаштарын, кызын кабатыр кылып жаткан маселе Канышайдын ден соолугу болчу. Ал ар бир сотко келген сайын өңүнөн көрүп жатабыз, өзү айтып берип жатат, ден соолугу аябай начар. Ошону үчүн да үй камагын суранышты. Эч жакка качпайт эле, өзүнүн батири бар. Анүстүнө, күнөөсүздүк презумпциясын эч ким жокко чыгарган эмес, ал күнөөлүү деп табылган жок. Сот айкөлдүк кылса, ал үйгө чыгып калабы, деп күттүк эле. Ал эми коюлган айыптар боюнча эксперт болбогондон кийин комментарий бере албай калат экем. Башкысы бизге үй камагына чыгарып бергени эле керек эле. Биз ар бир келген сайын ошого үмүттөнүп келип жатабыз”.
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
Кыргызстандын бийлик башындагылар өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ал корголо турганын билдирип, жоопкерчилик маселесин кайталап келет.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде буларга токтолгон эле:
Садыр Жапаров
"Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт".
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.