Зеленский менен Рютте НАТОнун Украинага колдоосун талкуулады

Владимир Зеленский жана Марк Рютте.

21-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу украин президенти телеграмм каналына жазды.

Зеленский сүйлөшүүдө соңку кырдаал жана Орусияга басым көрсөтүүнүн кийинки кадамдары талкууланганын билдирди.

"Орусия менен ок атышууну токтотуу тууралуу кийинки сүйлөшүүлөрдүн форматы жана өтө турган жери тууралуу кандай сунуштар каралып жатканын айттым. Орусияга басым кылууга таасир бере турган санкцияларды талкууладык", - деди Зеленский.

Зеленский адилеттүү тынчтык орнотууга "Москвага басым көрсөтүү менен гана жетүүгө мүмкүн" экенин жазды.

Рютте белгилегендей, Зеленский менен сүйлөшүүдө алар адилет жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга багытталган аракеттер, ошондой эле Украинага болгон НАТОнун колдоосу тууралуу сүйлөшүү болгон.

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-майда Украинадагы кан төгүүнү токтотуу аракеттеринин алкагында украин лидери Владимир Зеленский жана орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен өз өзүнчө телефондон сүйлөшкөн. Өзүнүн Truth Social социалдык тармагына Путин менен соңку баарлашууну "эң мыкты" деп баалап, Москва менен Киев ок атышууну токтотуу, элдешүү тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөт деп жазган.

Өз кезегинде Путин бул сүйлөшүү тууралуу комментарий берип жатып Киев менен "Украинага байланыштуу болочоктогу тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирген.

Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган орус-украин өкүлдөрүнүн бетме-бет сүйлөшүүсү болду. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган. Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айткан.

Кошмо Штаттардын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат. (AiA)