Салижан Жигитовдун дагы эки китеби жарык көрдү. Бул тууралуу адабиятчынын шакирти, акын, жазуучу Нуралы Капаров билдирди.
Жаңы чыккан китептердин биринчиси "Адабий сын макалалар" деп аталат. Ага Лев Толстой, Владимир Маяковский, Мукай Элебаев баштаган классиктердин чыгармаларына талдоолор кирген.
Ал эми "От дегенден ооз күйбөйт" деген аталыштагы экинчи китепте Салижан Жигитовдун ар кайсы мезгилдерде курган көп кырдуу маектери бар.
Былтыр Жигитовдун прозалык чыгармаларынан турган "Күн тууду" жана поэзиялык чыгармалары чогултулган "Шуулдаба терегим, теректерим..." деген эки китеби жарык көргөн.
Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын (ал кездеги Кыргыз АССРинин) Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган.
Ал 1995–1996-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген.
Салижан Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.