Евробиримдик Орусияга салына турган жаңы санкциялык пакеттин алкагында 20дан ашуун орус банктарын SWIFT системасынан өчүрүүнү талкуулап жатат. Мындай маалыматты Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды.
Мындан тышкары, ЕБ орус мунайынын баасын баррелине 60 доллардан 45 долларга түшүрүшү жана “Түндүк агым” газ куурунун курулушуна тыюу салышы ыктымал.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Еврокомиссия биримдиктин мүчө мамлекеттери менен кеңешүү жүргүзүп жатат, бирок чечим кабыл алуу мөөнөтү азырынча тактала элек. Ошондой эле Орусиянын кирешесин кыскартып, курал-жарак өндүрүүчү технологияларга жетишин чектөө үчүн 2,5 млрд доллардай жаңы соода чектөөлөрүн киргизүү да талкууланууда.
SWIFT – эл аралык банктык эсептешүүлөрдүн ири системасы. АКШ менен Евробиримдик орусиялык банктарды андан 2022-жылдын февралынан тартып өчүрүп башташкан. Буга карабай, Орусиянын маалыматы боюнча, былтыркы жылдын соңуна карай 200гө жакын банк SWIFT системасында иштеп турган.
Евробиримдик быйылкы жылдын февралындагы санкциялардын 16-пакетинде орусиялык 13 банкты системадан ажыраткан. Өткөн жумада бекитилген чектөөлөрдүн 17-пакетине Орусиянын көмүскө флотуна катышы бар делген 200 кемеси жана 75 жеке жана юридикалык жактар кирген.