Украинада ондон ашуун жайкын тургун Орусиянын соккусунан каза болду

Украина. Орусия сокку урган жер.

25-майга караган түнү Украинанын бир нече аймагы кайрадан Орусиянын ракета жана дрон соккуларына кабылганын, адам өмүрү кыйылып жатканан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.

Хмельницкий облусунун администрациясынын маалыматына караганда, орус аскерлеринин чабуулунан кеминде төрт киши каза болду, дагы беш киши жараат алды, жарандык инфраструктурага, ондогон үйгө зыян келтирилди.

Борбор калаа Киевдин бир катар районунда учкучсуз учактын сыныктары түшүп, имараттар кыйрады, кээ бир жерлерде өрт тутанып, кеминде 11 адам жараат алды.

Киев облусунун аймагында үч киши каза тапканын, ондон ашуун киши жараат алганын кабарлашты.

Ал эми Николаев шаарында Орусиянын чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши түрдүү жараат алганын, алардын экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышканын, 210 киши эвакуация болгонун жергиликтүү администрация маалымдады.

Одесса, Харьков, Чернигов, Тернополь, Сумы, Днепропетров, Житомир, Черкасск облустарында да өрт чыгып, жарылуулар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлоодо.

Стамбулдагы соңку сүйлөшүүлөрдө Украина менен Орусия 1000/1000 туткун айырбаштоону макулдашып, бул жараян дал ушул күндөрү жүрүп жаткан.

24-майга караган түнү Киев калаасы жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылган. Башка аймактарда да Орусиянын соккусунан адамдар каза болгон. (RK)

Дагы караңыз

"Крым – Украинанын аймагы". Путиндин оюн өзгөрткөн 10 жыл"Кыздарды үйүндө зордукташкан". Орус аскерлеринен кордук көргөн украиндерЕреванда Кыргызстан-Армения парламент аралык кызматташтыгы талкууланат“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”