Министрлер кабинети “Капитал Банктын” уставдык капиталын көбөйтүү үчүн 4 млрд сом бөлүп бергени турат. Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн ушундай тескемеси 26-майда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде карала турганын билдирди.
Депутаттын сөзүнө караганда, мындай чечим өлкөдөгү баалуу кагаздар рыногун активдештирүү үчүн кабыл алынып жатат. Ал мамлекеттик бюджетте бош каражат жок экенин, ошондуктан Финансы министрлиги мамлекеттик облигацияларды чыгарып, аларды “Капитал Банк” сатып аларын белгилейт.
“Мындай нерсе мурунку негиздөөчүлөрдүн түшүнө да кирбесе керек. Ал баалуу кагаздарды “Капитал Банк” өзү сатып алып, 15 жылдан кийин төлөп берет”, - дейт Бекешев.
Апрелдин ортосунда молдовалык IRN басылмасы Кыргызстандагы “Капитал Банктын” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү деген маалымат жарыялаган. Макалада банктын АКШ издөө салган молдовалык ишкер Илан Шордун ишканалары менен ыктымал байланышы айтылган.
Президенттин администрациясы молдовалык басылманын макаласына дароо жооп кайтарып, аталган банк Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген маалыматты четке каккан. Анда “Капитал Банкка” мамлекет ээлик кылары жана анын акцияларынын 100% Финансы министрлигине таандык экени айтылган. Каржылык агымдардын ачыктыгын, отчеттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле санкцияларга кабылган акчаны жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында түзүлгөнү белгиленген.
“Капитал Банк” 1994-жылдан бери иштеп келет. Алгач “Акыл Банк” деген аталыш менен иштесе, 2012-жылы аны Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындары сатып алып, аталышын өзгөрткөн. Былтыр Турсунбековдун балдарына кылмыш иши козголгон учурда банк мамлекеттин карамагына өткөн.
Быйыл март айынын ортосунан баштап “Капитал Банк” Кыргызстанда рубль менен операцияларды жүргүзө турган жалгыз эсептик банк деп жарыяланды. Улуттук банктын токтомунда бул алты айлык пилоттук долбоор экени, эми башка коммерциялык банктар орус рубли менен операцияларын “Капитал Банк” аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү болору белгиленген.