Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Канн фестивалынын башкы байгеси ирандык режиссёр Жафар Панахиге тийди


Жафар Панахи ортодо.
Жафар Панахи ортодо.

Быйылкы Канн кинофестивалынын башкы байгеси ирандык режиссёр Жафар Панахиге "Жөнөкөй кокустук" деп аталган тасмасы үчүн ыйгарылды. Тасма куугунтук режими жана анын курмандыктары тууралуу баяндайт. Режиссёр өзү да бир нече жылдан бери Иран бийлигинин куугунтугуна кабылып келет.

Ирандын бийлиги 2023-жылы Панахини камактан күрөө менен бошоткон. Ал 2010-жылкы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн алты жылга кесилген.

Фестивалдын "Алтын пальма" сыйлыгын колуна алып жатып Панахи мекендештерин араздашуу жолунан кетип, Ирандын эркиндиги үчүн иштөөгө чакырды.

Фестивалдын баалуулугу жагынан экинчи сыйлыгы деп эсептелген гран-при даниялык режиссёр Йоаким Триерге тийди. Ал "Сентименталдуу баалуулук" тасмасы менен катышкан.

"Жашыруун агент" тасмасында башкы ролду ойногон Вагнер Моура мыкты актёр, ал эми "Сиңди" фильминдеги Надя Меллити аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн байгеге татышты.

Жалпысынан быйыл 78-жолу уюштурулган Канн фестивалына 22 тасма катышты. Иш-чара өтүп жаткан аймакта (Франциянын түштүк-чыгышы) фестивалдын жыйынтыктоочу күнүндө жарык жапырт өчүп, кээ бир киносеанстар үзгүлтүккө учурады. Уюштуруучулар генераторго өтүүгө мажбур болушту. Полиция электр подстанцияларынын биринин иши зыян келтириш үчүн атайылап токтотулган болушу ыктымал экенин, териштирүү жүрүп жатканын билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG