Германия, Британия, Франция жана АКШ Украинага берилген курал-жаракты алыс аралыкка колдонбоо боюнча чектөөнү алып салышты. Бул тууралуу немис канцлери Фридрих Мерц дүйшөмбү күнү WDR телерадиокомпаниясы уюштурган форумда билдирди.
Анын айтымында, Германия Украинага жардам берүүнү улантуу үчүн “колдогу аракеттин бардыгы көрүүгө” даяр. Ошол максатта жакында Франциянын жана Британиянын лидерлери менен Киевге барып кеткенин кошумчалады.
Мерц чектөөнү алуу Украина “Орусиянын аскердик позицияларына чабуул коюу менен” коргоно аларын билдирет деп белгиледи.
Буга чейин союздаштар Москва тараптын эскалациясынан чочулап, Киевге өздөрү берген курал менен Орусиянын аймагындагы буталарга сокку урууга тыюу салып келген.
Былтыр ноябрда АКШнын ошол маалдагы президенти Жо Байден ATACMS ракеталарын андай максатта колдонууга уруксат берген. Storm Shadow ракеталарын колдонууга киргизилген четкөөлөрдү Британия менен Франция да алып салганы кабарланган. Бирок Батыштын өклөлөрү бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.
Орусия бул кадамга жооп иретинде Украинанын аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк дүрмөтү жок "Орешник" деп аталган баллистикалык ракета менен сокку урганын билдирген.
Германия буга чейинки өкмөт башчы Олаф Шолцтун тушунда Украинага алыс аралыкка учуучу Taurus ракеталарын берүүдөн баш тартып келген.
Канцлер болуп шайлана электе, апрель айында Мерц европалык өнөктөштөр менен макулдашып, Киевди андай ракеталар менен камсыздарын айткан. Кийин кызматка киришкенде Украинага берилген курал-жарак тууралуу маалыматты шардана кылуудан карманарын билдирди.