Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык жаза чегерди

Жоомарт Карабаев (солдо) адвокаты Акынбек Ногоев менен, 27-май, 2025-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерди. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салды.

Карабаев процесстин алдында "Азаттыкка" учкай комментарий берип жатып иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын айтып, күнөөсүн мойнуна албай турганын дагы кайталады.

Карабаев былтыр июлда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Өткөн айда социалдык тармактарга Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган.

Алтыбаева муну четке кагып, жалаа жабуу деп атаган. Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Ага эки берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Өзү "УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирип келген. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Ош: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолуктуКыргыз-өзбек чек арасы: Ташиев Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди Муфтий дин ишмерлерин каржылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүүгө чакырдыИИМ жолдогу чырга аралашкан жаран күч кызматкери эмес экенин билдирди Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет интервенция жасап, 59,8 млн доллар сатты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйылкы долбоорлорго 95 млн доллар бөлөт WSJ: Трамп Москвага санкция салышы же Украина тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүн