Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан беш киши каза тапты

Химиялык жайдагы жарылуу. Кытай, архив

Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан беш киши каза тапканы жана 19ү жараат алганы кабарланды. Мамлекеттик маалымат каражаттары алты кишинин дайыны табылбай жатканын жазышууда.

Жарылуу шейшембиде түш чакта Шаньдун провинциясындагы Гаоми шаарындагы Youdao компаниясынын ишканасында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо асманга бозала түтүн көтөрүлгөнү көрүнүп турат.

Муну менен бирге заводдун жанындагы өнөр жай зонасын өрт чалганы, жарылуудан имараттардын терезелери, дүкөндөрдүн витриналары күбүлүп түшкөнү кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерге 50дөн көп транспорт жана 230дан ашуун куткаруучу жөнөтүлгөнүн билдирди.

Кытайлык The Paper интернет-басылмасы жазганына караганда, 300дөй киши иштеген завод “анча уулу эмес” пестициддерди чыгарат.

Жарылуунун себеби аныктала элек. АФП агенттиги Кытайда өнөр жай ишканаларында коопсуздук стандарттары сакталбай, кырсыктар көп болуп турарын белгилейт. Мисалы 2015-жылы Тяньцзинь портунда химикаттар сакталган кампада жарылуу болгондо 170тен ашык кишинин өмүрү кыйылып, 700дөйү жабыркаган.

Дагы караңыз

Пробация жана 50 миң сом айыппул. Жоомарт Карабаевге өкүм чыкты"Индиядан, Пакистандан келгендер жумалап кезек күтүшөт". Мигранттардын мыйзамдашуу маселеси Орусиянын хоккей боюнча улуттук командасына Олимпиадага катышуу укугу берилген жок