"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды.
Кыргызстан мурда Кытайдан ири көлөмдө картөшкө импорттогон эмес. Расмий статистикада, ишкер баяндамаларда жылына 30-40 тоннадан ашык импорт тууралуу маалымат жок. Быйыл көрүнүш кескин өзгөрдү. Базар баасы, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиевди кепке тарттык.
Жол эрежесин одоно бузгандар айдоочулук күбөлүктөн ажырап, аны кайра экзамен тапшырып гана ала алат. Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди. Вашингтондун жана Кремлдин көздөгөнү эмне? Кыргызстандын базарын кытай картөшкөсү каптады.
Израил армиясынын соккусу ишемби-жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн жалмады. Москванын “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте турган киши тепсендиде каза тапканы тууралуу видео жарыяланды. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү.
Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү. Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.
Стамбул сүйлөшүүсүнө Путин барган жок. Жарандык активист Тилекмат Куреновдун сотко аксап, таяк таянып келгени боюнча атайын кызмат маалымат берди. Акыркы убакта курулушта жылына жүздөн ашык кырсык катталууда. Билим берүүдөгү жаңы структуралык түзүм кандай олуттуу өзгөрүү жасайт?
Эки айдан бери камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соттук ишин кароо 21-майга калды. Сотко прокурор келбей калганын Мамыркулова "саясий басым" деп сыпаттады. Бийлик болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун такай билдирет.
Эмгек сиңирген артист, таланттуу комузчу Анара Эсенгулова 62 жашында каза тапты. Сөөгү 12-апрелде Балыкчыга коюлду. Көзү тирүүсүндө ал Эл артисти наамын алууну самап, ниети ишке ашпаган. Жакындан билгендер ал оор кайгыдан улам чыгармачыл жигери басаңдап, таланты ташыркап калганын эскеришет.
Милиция адамдарды үйлүү кылам деген “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулун кармады. Алгачкы маалыматтарга караганда, ал жетектеген бирикме 600дөн ашык адамдан 150 миллион сомго жакын акча чогулткан. Азыр тергөө жүрүп жатат.
Элден акча чогултуп, үй убада кылган “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кармалды. Ал 600дөн ашык кишиден 150 миллионго жакын акча алганы жана кайра кайтарып бере албай турганы маалым болду.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген автоунаалардан төлөм алууну сунуштады. Мэр муну менен шаардагы тыгынды азайтып, жергиликтүү казынаны толтурса болорун билдирди.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалар үчүн акы алууну сунуштады.
Украинада Орусиянын чабуулунан төрт адам каза таап, 40тан ашыгы жараат алды. Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик–Борбор Азия саммити өттү. Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди.
Дональд Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө жооп катары алардан алынуучу жаңы төлөмдөр киргизилип жатканын жарыялады. 185 өлкөгө киргизилген тарифтердин тизмесинде Кыргызстан да бар. Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчу тобу кыргыз бийлигин абактагы журналисттерди бошотууга чакырды.
Бишкек мэриясы Киргизия конушундагы "кызыл сызыкка" чыгып кетти делген үйлөрдүн короолорун буза баштады. Украина Орусия тарапта согушкан казакстандыктардын тизмесин жарыялады. Анда 600 казакстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразылар Максим Горький атындагы бакчада акцияга чыгышты. АКШнын лидери орус президенти тезирээк ок атышууну токтотуу тууралуу чечимди кабыл алышын каалай турганын белгиледи. Ал эми Украинанын өзүндө шайлоо темасы күн тартибине чыкты.
31-мартта президент Садыр Жапаров Тажикстандын Кожент шаарына барды. Султанбай Айжигитов аны мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылды. АКШ президенти Дональд Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады.
28-мартта Казакстандын аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудага жеткен жер титирөө болду. Силкинүү күчү Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) азыркы тапта кырсыктын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүп, дубалдарынан жарака кеткен үйлөрдү каттап жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 1-апрелден 30-июнга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырды.
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Дагы жүктөңүз