"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Төө-Ашууда кар жаап, Бишкек-Ош автоунаа жолунда түнкүсүн миңдей автоунаа тыгында калды. Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуштагы "жеңиш планын" көрсөттү. Парламенттин комитеттери интернетте жана медиада жалаа жабууга айып пул салган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Сот Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди камакта калтырды. Израилдин аскерлери Газадагы чабуулдарын улантып, ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Ал тапта Ливан тараптан жасалган чабуулдан Израилдин төрт аскери набыт кетти.
Кыргызстандын өкмөтү күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берип, суукка толук даяр экенин билдирди. Ошондой эле электр, жылуулук, көмүр жана башка нерселер менен камсыздоо жумуштары пландын алкагында жүрүп жатканы айтылды.
Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Ноокат районундагы медреседе 14 жаштагы баланы бычактаган деп шектелген 16 жаштагы өспүрүм бир айга камалды.
Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын "Росатом" корпорациясы кыргыз жергесинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча эки жыл мурда меморандум кабыл алынып, долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгон.
Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнүн Кыргызстандан мажбурлап чыгарылышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттанды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барып, анын лидерлерине жолукту. Бул соңку 25 жылдагы кыргыз президентинин Римге алгачкы сапары болуп калды.
Кыргызстандын өкмөтү Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинде миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгелери тууралуу үн катып, жаңы чаралар уюмдун келишиминдеги нормаларга карама-каршы келбеши керектигин билдирди.
Үч мамлекет келишимге кол койгондон төрт айдан кийин Бишкекте “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу” ишканасы ачылды. Ага аталган өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары ээлик кылат жана ал курулушту ишке ашыруу менен алектенет.
Ливанда соңку соккулардан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил "Хезболланын" жоочуларына каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү талаштуу мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Өзбекстанда мектептеги окуяга Орусия кийлигишти.
Прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады. “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы директору, экс-депутат Эмилбек Жусупов кармалды.
Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский «согуш аяктарына жакын калганын» айтты. Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду.
Медиада, интернетте жалган маалымат тараткандарга ири айып пул салган мыйзам долбоору парламенттин комитетинде ушул аптада биринчи окууда өттү. Укук коргоочулар жана юристтер мыйзам мамлекеттик органга курал болуп калат деп кооптонуп жатышат.
Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы отчётунда 20 миң батирлүү 400дөн ашуун үй салып жатканын билдирип, бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү экенин жар салды. Мунун ичинен 100дөн ашык турак жайы же 6 миңден ашык батири быйыл пайдаланууга берилет экен.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны, же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кардарлардын арызынын негизинде бир нече ири микрокредиттик компаниялардын ишин текшерип жатканын ырастады. Мунун алдында бир нече финансылык мекемелер тинтүүгө алынып, кеңселерине мөөр басылганы кабарланган.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.
Президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырды. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акылар Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылат.
Бишкек “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен компанияга келерки үч жылда бюджеттен 11 млрд сомдой акча бөлөрү маалым болду.
Дагы жүктөңүз