Мектептеги окуя боюнча Москва менен Ташкент кайым айтышты
Ливанда Израилдин соңку соккуларынан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил коңшу өлкөдө жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган. Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишти. Өзбек бийлик өкүлдөрү окуяны өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирип жатканын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат
-
Май 19, 2025
Газа: Израил жердеги ири операциясын баштады