Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент Жапаров баштаган жетекчилер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, “Азаттыкка” маек курду.
Журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды.
Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, мыйзам алдында күнөөсү жок экенин дагы кайталады.
Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы кабарланды. Каза тапкан киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары борбордо өзүнчө жол менен кирет, бирок мекеменин ичинде кезек кайрадан биригет.
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Исаков 2020-жылы мартта Бишкек ЖЭБин оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. 2020-жылдын 6-октябрына оогон түнү Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясынан чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес.
Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү.
Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Орусия менен Украинанын өкүлдөрү үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүнү кайра баштады. Стамбулда Киевдин жана Москванын делегациялары бетме-бет отуруп сүйлөштү. Көмүскө ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр эркин журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди. Көмүскөдөгү ишкер журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылып жатканы маалым болду.
Курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Бир нече жыл мурда курулушта кулап кеткен он чакты учур, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.
Дагы жүктөңүз