Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

“Силер камабасаңар гана беребиз...” Сот Сапар Исаковдун ишин кайра карайт


Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. 18-май, 2018-жыл.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. 18-май, 2018-жыл.

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү.

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ага ылайык, сотко Башкы прокуратура менен Исаковдун адвокаттары 29-апрелде кайрылып, ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирген жана ал канааттандырылган.

Сапар Исаков 2020-жылы мартта Бишкек ЖЭБин оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. Сот Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап 18 жылга эркинен ажыраткан.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча адвокат менен Башкы прокуратуранын өтүнүчү 29-апрелде каралган. Ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч сот тарабынан канааттандырылган.

"Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши судьялардын башка курамында кайрадан териштирүү үчүн Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.

Исаковдун адвокаты Учкун Каримов “соттук процесстерден бошобой жаткандыгын” айтып, иш боюнча комментарий берген жок. Адвокаттын башка бсылмаларга берген маалыматына ылайык, иш боюнча айрым күбөлөр кайрадан суралат. Ал ЖЭБди реконструкциялоо боюнча насыялык келишим учурда иштеп жаткандыктан, сумма чыгым катары эмес, карыз болуп эсептелерин айткан.

2019-жылы Бишкек Жылуулук электр станциясын реконструкциялоо боюнча кылмыш ишинде Сапар Исаков айыптуу деп табылып, 15 жыл жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде түзөтүү колониясында өтөөгө өкүм чыгарылган. Муну менен катар, 2015-жылы берилген атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломаттык рангынан, 2016-жылы ыйгарылган II даражадагы “Манас” орденинен жана 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылган.

2020-жылдын июнунда Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны мамлекетке келтирилген 247 милллиондон ашык сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сапар Исаков кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Жогорку соттун бул чечими башка мамлекеттин геосаясий басымы менен чыкты деп эсептейт.

“Бул геосаясий басым, буйрутманын негизинде чыккан чечим деп айтсак болот. Сапар Исаков бир топ жылдан бери кайда жүргөнүн, кандай шартта, кимдин колдоосунда жүргөнүн дагы угуп жатабыз. Кайсы мамлекет экенин мен айтпай эле коёюн, менимче элдин баарына эле маалым. Ошол мамлекет тарабынан кандайдыр бир күчтөрдүн аракети менен, тилекке каршы, мына ушундай мыйзамсыз чечимдер чыгып атканы биздин суверендүүлүктүн баркы кетип, суверендүүлүктүн чектелип жатканын көрсөк болот”.

2020-жылдын 6-октябрына оогон түнү Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясынан чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Бийлик алмашкан Октябрь окуяларында бир катар саясатчылар менен бирге Координациялык кеңеш түзүү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Ала-Тоо аянтындагы митинги сыяктуу саясий иш-чараларга катышкандан кийин көп узабай Кыргызстандан чыгып кеткен. Октябрдын соңунда укук коргоо органдары ага эл аралык издөө жарыялаган.

Айрым бир маалыматтарга караганда Исаков ушул тушта Орусияда жүрөт. 11-мартта президент Садыр Жапаров кайсы өлкө экенин атабастан "Исаковду абакка камабоо шарты менен өткөрүп берүүгө даяр" экенин билдирген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу дагы ушундай шарт коюлганын айткан.

"Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп (Исаковду -ред.) алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаны бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаны ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе", - деген Жапаров.

Сапар Исаков өзү ошондон бери комментарий бере элек.

Ал Алмазбек Атамбаев президенттик бийлигинде анын администрациясынын аппарат башчысынын кызматын аркалаган. Ал 40 жашында өкмөт башына келип, 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрелине чейин премьер-министр кызматын аркалаган.

Саясат талдоочу Эмил Жороев үлкөн адамдардын соттук иштерине өзгөчө саясий мамиле кылуу коом арасына жик салат деген пикирин билдирди.

“Биздин Орусия же Беларус болобу экстрадициялоо, ар бир мамлекеттин териштирүү, соттук иштерин жүргүзүүдө бири-бирине көмөк көрсөтүү жөнүндө укуктук келишимдерибиз бар. Ошонун алкагында ар бир кишинин өзүнүн жазасына ылайык айыптоо же сотко чейинки бөгөт чарасын кароо – биздин эгемен соттук иштер болушу керек. “Силер камабасаңар гана беребиз” деген туура эмес. Кандай гана жаран болбосун, биздин соттун көз карандысыз чечими зарыл. Буга чейин баарыбыз байкап келаткандай, тилекке каршы, майда-чүйдө нерселер боюнча же зарыл эмес учурда деле камакка алуу чарасы байма-бай колдонулат. Анан ушундай өтө чуулгандуу, саясий салмагы бар кишилер кириптер болгон жагдайда аны камакка албай коюу, биздин коомдун өзүндө деле чоң суроолорду туудурат го деген ойдомун”.

Буга чейин, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Мелис Мырзакматов сыяктуу аттуу-баштуу саясатчылардын чуулгандуу соттук иштери “жаңы ачылган жагдайларга” байланыштуу кайра каралып, акталып чыгышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG