Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Министрлер кабинетине Кожошевдин ордуна Адылбек Касымалиев дайындалды


Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 15-июнда кол койгону мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Еварзиялык экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалганы кабарланган.

Адылбек Касымалиев 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеген, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG