Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Геолокация, RuID тиркемеси: Орусиянын мигранттарга жаңы талаптары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттарга талаптарды күчөткөн дагы бир катар документтер кабыл алынды. Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырды.

Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 сааттан кечиктирбестен ал өлкөгө баруу максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек. Мигранттарга талаптар Украинада согуш башталгандан кийин жана “Крокустагы” окуядан соң күчөгөн.

Орусияда иштеген мигранттарды жашаган жери жана геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 20-майда дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Ага президент кол койсо ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач Москва шаарында жана Москва облусунда иштеген мигранттардын маалыматы алынып, төрт жылдык эксперимент башталат. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери, геолокация тууралуу маалымат менен бөлүшүүгө макулдук берет.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Телеграм каналында буларды жазды:

Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

“Депутаттардын сунушуна ылайык, чет элдик жарандарга жашаган жерине жараша милдеттүү түрдө каттоодон өтүү, дактилоскопия, биометрикалык фотого алуу жана абоненттик жабдууларын геолокациялык жактан көзөмөлгө алуу киргизилип жатат. Мигранттар жашаган жерин өзгөрткөн учурда алар Ички иштер министрлигине 3 жумуш күндүн ичинде маалымат бериши керек болот. […] Кабыл алынган механизм заманбап технологияларды пайдалануу менен миграция тармагында көзөмөлдү күчөтүүгө, ошондой эле бул жаатта эреже бузууларды жана кылмыштарды азайтууга өбөлгө түзөт. Эксперимент ийгиликтүү болсо аны башка аймактарга да жайылтабыз”.

Баса, бул Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери билдирүүсүн Кыргызстанга келип кеткенден кийин эле жарыялады. Вячеслав Володин 18-19-майда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышкан.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуштуусу. Бишкек, Кыргызстан. 18-май, 2025-жыл.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуштуусу. Бишкек, Кыргызстан. 18-май, 2025-жыл.

Аны менен жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчө экенин эске салып, Орусияда иштеген кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү маселесин козгогон.

Бул жолугушуунун тушунда Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына 30-июндан тартып эреже-шарт дагы катаалдай турганы белгилүү болду. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик RuID аттуу мобилдик тиркемеге катталышы керек болот. Андан соң ал өлкөгө кирерге 72 саат калганга чейин баруу максатын көрсөтүп, арыз калтырышы керек. Чет өлкөлүк жаран QR-код алып, ошо менен гана чек арадан өтө алат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу атайын билдирүү таратып, кыргыз жарандарын жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып алууга чакырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин бөлүм башчысы Алмазбек Байбосов “Биринчи радионун” эфиринде буларга токтолду:

Алмазбек Байбосов
Алмазбек Байбосов

“Баштапкы маалыматтарга ылайык, биринчи этапта бул ыктыярдуу мүнөздө болот жана мажбур кылынбайт. Ал чек арадан киргизбей коюуга негиз болуп бербейт. Бул эрежелер Беларустан башка бардык өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Орусия тараптын билдиришинче мобилдик тиркемеге киргизилчү мигранттын санариптик профили анын андан ары кайда жүргөнүн, мамлекеттик мекемелерге барып-барбаганын, каттоого туруп-турбаганын жана башка нерселерин көзөмөлгө алууга багытталган. Бул коопсуздук маселеси менен байланыштуу экени айтылды. Орусия Федерациясы өлкөгө келген ар бир чет элдик жаран, иштегени келген мигрант көзөмөлдө болуусун каалап жатат”.

"Бул ЕАЭБдин келишимдерине каршы келет"

Ыктыярдуу деп айтылганы менен бул чара Орусияга иштей турган мигранттарга милдеттүү эле болуп калчудай. Себеби, андан ары каттоодо туруп, башка уруксат кагаздарын алуу керек. Анын баары так ошол тиркеме менен байланыштуу болуп калат. Анүстүнө, тиркемеге катталбаган жаран чек арадан кирип жатканда кошумча текшерүүлөргө кабылып калышы ыктымал.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юрист Эрланбек Токтосунов соңку чараларды мындайча комментарийледи:

Эрланбек Токтосунов
Эрланбек Токтосунов

“Бул чараларды ЕАЭБ келишимдерине туура келбейт деп эсептейм. Себеби, беш өлкө кабыл алган ЕАЭБдин келишиминин 97-98-беренелерине ылайык, ага мүчө мамлекеттердин жарандары уюм ичиндеги өлкөлөрдө эч кандай чектөөлөргө дуушар болбошу керек. Ал эки тараптуу келишимдерде да андай талаптар көрсөтүлгөн эмес. Мен билгенден, Кыргызстандын бийлиги Орусия Федерациясынын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, так ушул маселелерди коюп жатышат. RuID тиркемеси ишке кирсе ал мигранттарга бир чети пайдасы бар, бир чети зыяны бар инструмент болуп калмакчы. Мында адамдардын укуктары бузулат. Чет өлкөлүк жарандардын ой-пикирине карабай эле алардын жеке жана биометрикалык маалыматтарын алуу эл аралык адам укуктарына да карама-каршы келет. Пайдалуу жагы дегенде Орусияда ансыз да “Госуслуги” деген мобилдик тиркеме бар, RuID тиркемеси да ошол сыяктуу кандайдыр бир мамлекеттик кызматтарды алууга шарт түзүп бериши мүмкүн. Бирок анда кандай кызматтар көрсөтүлөт азырынча белгисиз”.

Ансыз да былтыр Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана мигрантарды текшерүүлөр күчөгөн. Бул чаралар дагы уланчудай.

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:

Валентина Чупик
Валентина Чупик

“Полиция тараптан зомбулук аракеттер жана текшерүүлөр жөнүндө айта турган болсом, мындай аракеттер дайыма жана тынымсыз болуп жатат. Азыр эле көбөйүп кетти деген туура эмес, текшерүүлөр биринчи жолу 2022-жылдын февралынан тартып кескин күчөп кеткен. Анда жарым жылча уланып, кайра бир аз азайган. Экинчи ирет “теракт” деп аталган окуядан кийин алардын талмасы дагы кармап калды. Азыр кайра бир аз азайды, бирок токтогон жок. Мечиттерде жана башка жайларда текшерүүлөр дайыма эле уланууда. Мунун баары Орусиянын жарандыгын алып алган мурдагы мигранттарга сабак болууда. Орусиянын жарандыгын албагыла! Азыркы шартта андан жакшылык күтпөгүлө! Кодулоо азайбайт, кайра күчөйт! Ал аз келгенсип, фронтко жөнөтөт. Украинада минага жарылып өлөсүңөр, ал силерге таптакыр керек эмес”.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG