Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

"Сыртка чыгууга чектөө алынбай жатат". Атамбаевдин уулу жана акталган журналисттер даттанды


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев өзү мүчөлүк кылган “Социал-демократтар” партиясына карата соттук иштер аяктаганына карабай ага чет жакка чыгууга тыюу алынбай жатканына даттанып, чек ара бекетинде кармалып калганын билдирди. Милиция болсо анын иши өзүнчө өндүрүштө экенин маалымдап, Атамбаевдин жактоочусунан чектөөнү алуу боюнча арыз түшпөгөнүн кабарлады.

Бул тушта жапырт кармалган 11 журналисттин акталып чыккан жетөө дагы ушундай эле чектөөгө кабылып жатканына арызданышты. Мындай чектөөлөр мурдагы бийликтердин тушунда да катталган эле.

Кадырбек Атамбаевдин иши

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкекте Стамбулга учканы жатып, “Манас” эл аралык аэропортундагы милициянын бөлмөсүнө кармалып калганын 23-майда маалымдады. Ал партияга каршы соттук иш аяктаганына карабай ушуну менен экинчи ирет чет жакка чыгып баратып, чек арадан өтө албай калганына даттанды.

Кадырбек Атамбаев аэропорттогу милиция бөлүмүнөн тартылган видеодо буларга токтолду:

“Ойлонуп табылган шылтоо менен мага чет жакка чыгууга чыгууга чектөө коюлуптур. Ал болбош керек эле. Себеби, “Социал-демократтар” партиясына каршы иш бир ай мурда аяктаган. Биздин адвокаттар өтүнүч келтирип, бул чектөө мыйзамсыз коюлганын билдиришти. Бирок мыйзамга, укуктук нормалага карабай тергөөчү бул чектөөнү албай жатат. Болбосо биз өтүнүчтөрдү калтырганбыз. Мен “Социнтерндин” кеңешине катышуу үчүн баратып, минтип экинчи ирет чыга албай калдым”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинага жана Роза Түрксеверге Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Быйыл апрелде Свердлов райондук соту аларды коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошоткон. Абактан чыккандардын жакындары ал күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаганын айтышкан. "Социал-демократтардын" өкүлдөрү кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин билдирип, күнөөлөрүн мойнуна алган эмес.

Аталган иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева жана уулу Кадырбек Атамбаев да суракка алынган. Партиянын дагы бир нече мүчөсү суралып, айрымдары кармалган. Милиция башында алар күбө катары суралганын билдирсе, жаңы маалыматта алардын иши өзүнчө өндүрүштө экенин айтты. Анын ичинде Кадырбек Атамбаевдин чет жакка чыгуусуна чектөө дале бар экени кабарланды.

“2024-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого добуштарды сатып алуу боюнча ошол эле жылдын 13-ноябрь күнү “Социал-демократтар” партиясынын өкүлдөрү – И. К., Р. Т., Т. С. аттуу жарандардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу кылмыш иши козголуп, соттук кароого жөнөтүлгөн. Ал эми К.А. жана партиянын өкүлдөрүнүн кыймыл аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган кылмыш ишинин негизинде чек арадан өтүүгө чектөө киргизилген. Белгилей кетсек, бул чектөөлөр алынган эмес жана ошондой эле К.А.нын жактоочусунун чектөөнү алып салуу тууралуу келтирилген өтүнүчү Тергөө кызматынын өндүрүшүнө түшкөн эмес” - деп маалымдады Бишкек шаарынын милициясынын басма сөз кызматы.

Акталган журналисттердин арызы

2024-жылдын январында жапырт кармалган 11 журналист.
2024-жылдын январында жапырт кармалган 11 журналист.

Бул тушта жапырт кармалган 11 журналисттин акталып чыккан жетөө дагы ушундай эле чектөөгө кабылып жатканына арызданышты.

Temirov Live жана "Айт, айт десе долбоорлорунун журналисттеринин экөө беш-алты жылга кесилип, бири кайра ырайым менен абактан чыкты. Экөө пробациялык жазага тартылса, жетөө акталган эле.

Акталып чыккан журналисттердин бири Сайпидин Султаналиев "Азаттыкка" мындай деди:

Сайпидин Султаналиев
Сайпидин Султаналиев

“Негизи 7 журналист 2024-жылдын 10-октябрында ишинде кылмыштын курамы жок деген негизде сот тарабынан толугу менен акталганбыз. Андан кийин ал күчүнө да кирди. Ошол соттун чечиминин негизинде бардык соттук чектөөлөр алынышы керек экен. Биз чектөөлөр бар экенин билген да эмеспиз, сураган да эмеспиз. Менин эң кенже баламдын майыптыгы бар, кышкысын Ташкентке барып дарылатуу керек болуп калды. Ошол мезгилде “чектөө барбы-жокпу?” деп Чек ара кызматына кат жазсам, “чектөө бар, аны ИИМдин Башкы тергөө кызматы койду” деп жатат. Тергөө кызматы “биз тергөөнү бүтүрүп, сотко өткөрүп бергенбиз” деди. Ал эми сот болсо Шарабидин Токтосунов болчу, ал “сотто толук акталгансыңар” деген жүйөнү айтып жатат. “Силерге эч кандай чектөө жок, каякка чыксаңар да чектөө алыныш керек” дейт. Кат жазсак, Чек ара кызматы болсо “чектөө бар” деп жатат. Соттордун чечими башка органдарда аткарылбай жатканын көрүп жатабыз. Эми биз кимге кайрылабызды билбей калдык. Айла жок азыр, мына май айында баламды аялым жалгыз Санкт-Петербургга алып кетти. Менин баламдыкы гиперактивдүү диагнозу бар, аны аял киши коштоп жүрө албайт, жанында чоңураак эркек киши жүрүшү керек”.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, соттук иши жүрүп жаткан, айыпталган адамдарга түрдүү бөгөт чаралар, анын ичинде өлкө аймагынан сыртка чыгууга чектөө коюлуп турат. Мындан сырткары алимент, айып пул жана салык төлөбөгөн жарандарга да ушундай чектөөлөр каралган.

Чет жакка чыгууга тыюу салган чараны адатта сот коёт же атайын кызмат, милиция, салык органдарынын сунушу менен сот аткаруучулар коё алышат. Сот департаменти кылмыш ишине байланыштуу коюлган чектөөлөр жөнүндө маалыматты адамдын ишин жүргүзгөн мекеме гана бере ала турганын билдирүүдө.

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева маселеге мындайча түшүндүрмө берди:

“Чектөө "флажогун" коёт десе эле, чектөөнү жалаң сот аткаруучулар коёт деп ойлошот экен. Андай эмес. Чет жакка чыгууга чектөө соттун чечими менен да коюлат. ИИМ, же башка укук коргоо органдары да коюшат. Четке чыгууга бөгөттү кайсы орган койсо аны кайра ошол орган гана чече алат. Сот аткаруучу койсо сот аткаручу алат. Бирок актоо өкүмү күчүнө киргендиктен чектөөнү сот тарабынан гана алынат, ага сот аткаруучу кийлигише албайт”.

Күбөлөргө коюлган чектөө жана актоодон кийинки жагдай

Саясатчыларга жана журналисттерге соттук иштерине байланыштуу чет жакка чыгууга чектөө киргизилген учурлар мурдагы бийликтердин тушунда да болгон. 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев менен соттошуусуна байланыштуу журналист Дайырбек Орунбековго Кыргызстандан чет жакка чыгуусуна чектөө коюлганы маалым. Ошол эле жылдары активист Адил Турдукулов айрым себептерден улам сыртка чыгуусуна тыюу салынган.

2017-жылы да Атамбаев менен соттошуунун алкагында Zanoza сайтынын журналисттери Нарын Айып менен Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага чет жакка чыгууга чектөө коюлганы чоң талаштарды жараткан.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда журналист Элнура Алкановага да иликтөөсүнө байланыштуу ушундай чектөө киргени белгилүү.

Азыркы бийликтин тушунда да кармалган же камалып чыккан камалып чыккан саясатчы, укук коргоочу, активист жана журналисттердин арасында да буга чейин чет жакка чыгууга киргизилген чектөөлөргө кабылгандар болгон. Анын ичинде “Кемпир-Абад ишинин” алкагында камалган саясатчылардын айрымдары өздөрүнө, кээлери жакындарына Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганына даттанышкан.

Юрист жана адвокат Бактыбек Жумашев буларга токтолду:

Бактыбек Жумашев
Бактыбек Жумашев

“Негизи кайсы бир иште күбө катары өтүп жаткан адамды чет жакка чыгуусуна чектөө коюлбашы керек. Тилекке каршы бизде тергөөчүлөр “таба албай атабыз” деген негиз менен аларга да ушундай чектөөлөрдү коё берген учурлары бар. Тергөө маалында айыпталып жаткан адамдын үстүнөн шектүү катары айыптоо угузулгандан кийин чет жакка чыгуусуна чектөө киргизилип калышы мүмкүн. Ал эми актоо өкүмү чыкса ал чектөө алынышы керек. Актоо өкүмү чыккандан кийин ошол органга алып барабыз. Тергөөчү өкүмдүн көчүрмөсүн берип, анан ошол аркылуу чектөөнү алдыртабыз. Негизи бул нерсе адамды ары-бери чуркатпай соттун өкүмү менен эле чечилиши керек эле. Өкүм, соттук акты чыкканына карабай чектөө алынбай жатса анда ошол тергөөчүнүн үстүнөн чара колдонуш керек. Муну үчүн арыз жазыш керек. Анткени, мында адамдын укугу эч негизсиз бузулуп жатат”.

Жарандар өзүнө өлкө аймагынан чыгууга чектөө коюлган коюлбаганын Сот департаментинин расмий suddep.sot.kg сайты аркылуу “Карыз абалын текшерүү” рубрикасынан биле алат. Мындан сырткары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” электрондук электрондук порталынан, Mbank жана MegaPay мобилдик тиркемелеринен да жарандар өзүнүн карыз абалын тактап алууга мүмкүнчүлүгү бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG