Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Чернышевск-Чита жолундагы кырсыкта эки кыргыз жараны мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 20-майда Орусиянын Забайкал крайындагы Карымск кыштагындагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны набыт болгонун билдирди. Окуя Чернышевск-Чита жолунда орун алганын, 2003-жылы туулган П.Б менен 2005-жылы туулган П.М аттуу жарандар бараткан машина жеңил жүк ташуучу унаа менен кагылышканын кабарлады.

"Орусиянын тиешелүү органдары бул окуяны териштирип жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кыргызстандын элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышып, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Региондогу кыргыз диаспорасы менен бирге ал жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр жыл аягында, Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районундагы Алдаркино айылынын жанындагы жол кырсыгында төрт кыргызстандык жаран каза болгон.

ТИМ 2024-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдөн 15 жарандын сөөгү алынып келгенин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG