Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Финансы министрлиги май айында 2,25 млрд сомдук баалуу кагаз чыгарды


Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

Кыргызстандын Финансы министрлиги 23-майда жалпы суммасы 2 млрд 250 млн сом болгон мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) чыгарды. Аукцион тууралуу маалыматты Улуттук банк жарыялады.

Беш жылдык мөөнөткө жайгаштырылган 850 млн сомдук облигациянын жылдык үстөгү 6%, ал эми он жылдык 1 млрд 400 млн сомдук облигациянын купондук үстөгү 8% деп белгиленген.

Купондук төлөмдөр жылына эки жолу – 26-ноябрда жана 26-майда төлөнөт.

Талдоолор көрсөткөндөй, Финансы министрлиги жыл башынан бери (май айын кошкондо) 23,8 млрд сомдук мамлекеттик казыналык облигация чыгарды. Мекеме 2025-жылы жалпысынан 34 млрд сомдон ашуун баалуу кагаз чыгарууну пландаган.

Жайгаштырылган айыМКОну чыгаруу көлөмү, сомКупондук үстөгү, %Жүгүртүү мөөнөтү, жыл
2025-жыл, январь4,7 млрд5-83-10
2025-жыл, февраль4,2 млрд6-75-7
2025-жыл, март5,5 млрд5-83-10
2025-жыл, апрель7,15 млрд6-73-7
2025-жыл, май2,25 млрд6-85-10


Мамлекеттик казыналык облигациялар өлкө ичиндеги булактардан каражат тартуунун ыкмасы болгондуктан алар мамлекеттин ички карыздарына кошулат. Баалуу кагаздардын мөөнөтү эл аралык насыяларга салыштырмалуу кыска жана үстөк пайызы жогору болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG