Бишкектин "Киргизия" конушунда жашаган пенсионер Чолпон Кулубаеванын үйүнүн дубалы 26-майда бузулуп, короосунун беш метр жери алынмай болду. Ал 5-6 жыл мурун үйүнө "кызыл китеп" алып, мүлкүн жана жерди мыйзам чегинде өзүнө каттатып алганын айтып, мэриянын аракетине нааразы болуп жатат.
Быйыл март айында мэрия жолду кеңейтебиз деп, "кызыл сызыктан" өткөн үйлөрдү текшерип, айрымдарынын короолорун буза баштаган.
"Чыңгыз Айтматов проспектисинен Восточная көчөсүнө чейин бизде баары мыйзам чегинде катталган. Техпаспорт, үйдүн китеби бар, андан кийин "кызыл китеп" берилген. Бул менин жерим. "Кызыл китеби" бар, бирок муниципалитеттен кошумча жерди ижарага алгандардын дубалы түрттүрүлөт деген. Ал эми бизге эч нерсе айтылган эмес. Жерди алып жаткан күндө да анын ордун толтурушу керек эле. Биздин арабыздан эч ким мэриядан 100-150 миң доллар турган Майамидегидей акча сураган эмес. Азыр шаар ичиндеги жерлерди кааласа ушинтип алып коюп жатышат, кийин эмне болот? "Кызыл сызык" деген нерсени жүйө келтирип, акыры шаарды "кескилеп" салышы ыктымал. Бул мыйзамсыздык. Биздин курулуштар алынгандан кийин баарыбызга бирдей дубал тургузулат деп айтылды. Бирок буга чейин биз Айтматов проспектисине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчубуз, азыр андай болбойт дешти", - дейт Кулубаева.
26-майда Бишкек мэриясы баш калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисинде “кызыл чектен” өтүп кеткен деп эсептеген айрым турак жайлардын дубалдарын сүрдүрдү.
Тургундар тийиштүү документтерин көрсөтүп, кенемте төлөп берүү маселеси чечилбегенин билдирүүдө. Алар мэриянын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, короосун буздурбаганга аракет кылып жатышты.
"Эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери керек болчу"
Мэрия март айында жолду кеңейтүү иштери башталат дегенден тартып жергиликтүүлөр менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу дейт тургундардын бири Малик Иманкулов.
"Тилекке каршы, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатат. Бизге бул жерлердин ордуна Достоевский көчөсүнөн 38 сотых жер сунуш кылышты. Бирок бул жерлердин наркы эки бөлөк. Экинчиден, ошол бизге айтылган жерлер боюнча иш сотто экен, тагыраагы, ал жерлердин да өз ээлери бар экен. Ошондуктан бул маселени биз талкуулаган да жокпуз. Эгер башынан эле туура түшүндүрүп, мэрия жакшы иштесе биз каршы болбойт элек. Бирок мэр адегенде кенемте төлөнбөйт деп, анан кайра Достоевский көчөсүнүн боюнан жер берилет деп эки сүйлөдү. Жөн гана эл менен иштеп, сүйлөшүш керек болчу. Баарыбыз эле бул жолду жасаш керек экенин түшүнүп турабыз".
Сотко кайрылуу
Ал тапта дагы бир тургун Виталий Корчагин бул маселе боюнча сотко кайрылууга камданып жатышканын мындай деп түшүндүрдү:
"Милицияга арыз жаздык, алар (мэрия) биздин дубалдарды түрттүрүп салышты. Биз караманча каршыбыз, алабыз деп жатышкан бир канча метр жерибизди бербейбиз. Сотко кайрылабыз деп турабыз. Эгер мындан ары да милиция менен келип, күчкө салса эмне кыларыбызды билбейм. Мисалы, менин бир сотыхка жетпеген, 0,68 сотых жеримди алып жатышат".
Буга чейин жергиликтүү тургундар президентке, парламентке, прокуратурага арызданган. 13-майда Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы арызга жооп берип, "Жер кодексинде" жазылган айрым беренелердин негизинде жеке колдонууда турган жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждык үчүн алып коюу мүмкүн экенин билдирген.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев буга чейин тургундарга эскертүү берилгенин, азыр "Киргизия" конушундагы 66 үйдүн 26сынын ээси менен тил табыша албай жатканын, калгандары менен макулдашуу болгонун кошумчалады.
"Кенемте, башка жер берүү маселелерин жеке кароого даярбыз"
Ал эми мэр Айбек Жунушалиев шаарда быйыл 4 млрд 300 млн сомго жолдор оңдолорун, бирок жолду кеңейтип, иретке келтирүүдө мыйзамсыз курулуштар тоскоолдук болуп жатканын айтты. Ал Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги иш мыйзам чегинде жүрүп жатат деп эсептейт.
"Мен дагы бир жолу айтып кетейин, алар (жергиликтүү тургундар) бизден жаңы чечимдерди талап кылышпасын. Мурунку мыйзамдардын, чечимдердин негизинде иштер жүрүп жатат. Биз мыйзамдуулукка чакырып жатабыз. Мыйзамды бузуп, убагында бул жерлерди кандай жол менен алып, уруксат кагаздарына жетишкенин биз билбейбиз, күмөн жараткан жагдайлар көп. 1970-жылы шаардын башкы планы бекитилген, 2006-жылы Кыргыз Республикасы болгондон кийин ал башкы план дагы бир жолу бекитилип, 1970-жылы аныкталган жерлер кайрадан бекитилген. 2009-жылы деталдуу пландоо кабыл алынганда ал документте ошол биз айтып жаткан жол кеңейет деп так көрсөтүлгөн. Ошол жердин тургундары өз ыктыяры менен макулдугун берип, "эгер жол кеңейген болсо, кенемте талап кылбай өз жерлерибизди беребиз" деп кол коюп беришкен".
Калаа башчы жолдун нугуна туура келбеген жерлер бузуларын, тазаланарын, жол салынарын айтты. Ал ошондой эле кенемте, башка жер берүү маселелеринин ар бирин өзүнчө карап, чечүүгө аракет кыларын эл алдында айтты.
Мындан сырткары Жунушалиев "кызыл сызыктан" чыккан, мыйзамсыз курулган деген негиз менен Бишкек боюнча 10 май куюучу бекет түрттүрүлгөнүн айтты. Ал эми Алматы көчөсүндө 40тан ашык мыйзамсыз салынган делген үйдүн саны сүйлөшүү жолу менен 16га кыскарганын билдирди. Мэрдин сөзүнө караганда, шаар жетекчилиги элдин мүлкүн болушунча сактап калуу аракетинде.
Буга чейин шаар бийлиги үй ээлерине Бишкектен азыр жашап жаткан жерине тете жер берилерин, кыймылсыз мүлкүн каттоодон өткөн атайын компаниялар баалап, базар баасында эсептелип, кенемте төлөнөрүн билдирген.
Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса куруп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салып жатат.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы үчүн комплекс салынган.
Шерине