Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Израил оккупацияланган Иордандын батыш жээгинде 22 жаңы конуш курууну жактырды


Эфрат конушу. Иордан дарыясынын батыш жээги, 10-март 2022-жыл
Эфрат конушу. Иордан дарыясынын батыш жээги, 10-март 2022-жыл

Израилдин бийлиги оккупацияланган Иордан дарыясынын батыш жээгинде 22 жаңы конуш куруу планын жактырды. Бул – конуштарды кеңейтүү боюнча акыркы ондогон жылдан берки эң ири долбоор. Айрым өнөктөштөрдүн санкция эскертүүлөрүнө карабай кабыл алынган чечим тууралуу Израилдин коргоо министри Израэль Кац жана финансы министри, ашынган оңчулдардын өкүлү Бецалель Смотрич социалдык тармактардагы баракчаларында жарыялашты.

Өкмөттүн билдирүүсүндө айтылгандай, «жаңы конуштар аймакта Израилдин таасирин бекемдөө жана палестин мамлекетин түзүүнү алдын алуу максатындагы узак мөөнөттүү концепцияга жараша тургузулмакчы».

Батыш жээкти жарым-жартылай көзөмөлдөгөн Палестин автономиясынын администрациясы жана Газаны башкарган ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу Израилдин чечимин айыпташты.

Палестин президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы бул кадам «кооптуу эскалация» экенин айтып, Израилди регионду «зомбулук жана бейстабилдүүлүккө» кептеп жатканы үчүн күнөөлөдү.

Набиль Абу Рудейне АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын кийлигишүүгө чакырды.

"Рейтер" агенттиги маалымдагандай, Израилдин өзүндөгү B’Tselem укук коргоо уюму оңчул өкмөттү “палестин жерлерин уурдоо жана Батыш жээкте этникалык тазалоо менен жөөттөрдүн үстөмдүгүн алдыга жылдырып жатканы” үчүн айыптады.

1967-жылдан бери Израил 700 миңдей киши отурукташкан 160тай конуш курган. Айрым уюмдар, арасында БУУнун Эл аралык соту конуштар эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелерин айтып келишет.

Израил өкмөтү жаңы конуштар тууралуу Газадагы гуманитардык абал тереңдеп жаткан маалда жарыялады.

Анклавдагы согушту токтотууну талап кылган европалык өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Британия, Франция жана Канада үстүбүздөгү айда Израил Батыш жээктеги айылдарын кеңейтсе, санкция салышарын эскерткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG