Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

КДКнын тарыхына арналган китеп жарык көрдү


Махабат Жунусованын КДКнын тарыхына арналган жаңы китеби
Махабат Жунусованын КДКнын тарыхына арналган жаңы китеби

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгына арналган “Даңазалуу Кыргызстан демократиялык кыймылы (1990–1993-жж.)” аттуу илимий кереге кеңеш өттү.

Талкууда Кыргызстандагы 1988–1993-жылдардагы тарыхый окуялар, анын сабагы, КДК сыяктуу кыймылдардын эгемендик жылдарындагы ролу тууралуу сөз болду. Ошондой эле жаш тарыхчы илимпоз Махабат Жунусованын КДКнын тарыхына арналган жаңы китебинин бет ачары өткөрүлдү жана “Эсимде” аянтчасынын мультимедиалык иликтөөлөрү көрсөтүлдү.

Мунун алдында, 26-майда Бишкектеги Sofia International Hotel мейманканасында пландалган Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгына арналган иш-чара үзгүлтүккө учураган. КДКнын курамынан чыккан "Кыргызстан укук коргоо кыймылынын" жетекчиси Турсунбек Акун алар мейманкана менен бир ай мурда келишим түзүп, кыймылдын мааракесин ушул жерде белгилемек болушканын, бирок чогулгандарды аталган жайдын администрациясы ичкери киргизбей коюшканын билдирген. Түртүшүү маалында укук коргоочу башынан жана колунан жаракат алган.

Sofia International Hotel мейманканасынын жетекчилиги окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Бишкектин Октябрь райондук милициясы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдаган эле.

“Иш-чаранын жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам мейманканада электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, ошондуктан иш-чара убактылуу токтотулган. Турсунбек Акун нааразычылыгын билдирип, мейманкананын жетекчилигине дооматтарды айтып, конференц-залдын эшигин ачууга аракет кылып жатып, кокусунан эшиктин айнегин талкалап, сыныгынын жаракат алган. Белгилей кетсек, Турсунбек Акундун юристи келишим шарттарынын бузулушу боюнча райондук башкармалыкка арыз жазган”, - деп билдирген Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири антикоммунисттик бирикме болгон. Уюм 1990-жылы 26-27-майда түзүлгөн жана аны Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жумагазы Чоң Аюу жана башкалар негиздешкен.

Муну менен чогуу үй куруучулардын “Ашар” кыймылы уюшулуп, Үркүндү эскерген “Өмүр көчү” жүрүшү өткөрүлгөн. Кыргызстан демократиялык кыймылынан кийин КДК, "Эркин Кыргызстан" жана "Асаба" партиялары бөлүнүп чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG