Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Чехия Тышкы иштер министрлигинин түйүнүнө болгон кибер чабуул үчүн Кытайды айыптады


Прага
Прага

Чехиянын өкмөтү Тышкы иштер министрлигинин маалымат алмашуу түйүндөрүнүн бирине болгон кибер чабуул үчүн Кытайды айыптады. Тышкы иштер министри Ян Липавский Кытайдын Прагадагы элчисин чакырып, түшүндүрмө талап кылганын билдирди.

“2022-жылдан бери уланып келген бул кыянат ишмердиктин кесепети маанилүү инфраструктуранын тизмесине кирген министрликке да тийген жана аны Мамлекеттик коопсуздук министрлиги (Кытайдын) менен байланыштагы APT31 кибертыңчы тобу ишке ашырган”, - деп айтылат Чехиянын тышкы саясий мекемесинин расмий билдирүүсүндө.

CT 24 телеканалынын маалыматына караганда, окуя Маалымат коопсуздугу министрлиги, Аскердик чалгындоо кызматы, Улуттук кибер коопсуздук башкармалыгы жана башка тиешелүү мекемелер менен биргелешип иликтенди жана жооптуу тарап так аныкталды.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте альянстын атынан Чехияга тилектештигин билдирип, Кытайдын “карасанатай кибер активдүүлүгү камтама жаратарын” белгиледи.

Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Кая Каллас кибер чабуулду айыптап, андай жоруктар кибер мейкиндиктеги эрежелер тууралуу нормаларды бузарын белгиледи.

Билдирүүдө биримдиктин өлкөлөрү соңку жылдарда Кытайдын кибер чабуулдарына туш болуп келатканы, Бээжин өз аймагын андай аракеттер үчүн пайдаланууну алдын алуу чарасын көрүүгө тийиш экени белгиленет.

Кытай тараптан буга байланыштуу расмий билдирүү жасала элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG