Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Германия Украинада алыска атуучу ракета чыгарууну каржылайт


Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Берлин, 28-май, 2025-жыл
Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Берлин, 28-май, 2025-жыл

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Берлин Украинада алыска жетүүчү ракета чыгарууну каржыларын жана «Түндүк агым» куурунун ишин жандандырууга жол бербөө үчүн бар аракетин жумшарын билдирди. Кремл канцлердин билдирүүсүн «согуш отуна май тамызуу» деп сыпаттады.

28-майда Берлинде украин лидери Владимир Зеленский менен кездешүүдөн кийин Мерц Коргоо министрликтери алыс аралыкка атуучу ракеталар боюнча меморандумга кол коюшарын айтты. «Украинанын чек араларынын сыртында коргонууга кудуреттүү болушу үчүн ракеталардын радиосуна чектөө салынбайт», - деп кошумчалады канцлер.

Ал муну Киев менен Берлиндин «аскердик өнөр жай жаатындагы кызматташтыгынын» жаңы формасы деп баалады. Ошол эле маалда Украинаны канаттуу Taurus ракеталары менен камсыздоо ыктымалдыгы тууралуу комментарий берилген жок.

Мерц Орусияга кысымды күчөтүү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө түзүү максат экен белгиледи.

Зеленский Германияга аскердик жардам үчүн ыраазычылыгын айтып, Украинаны НАТОнун июндагы саммитине чакырууга үндөдү.

Кремл Мерцтин ракеталар тууралуу билдирүүсүн сындап, “украиналыктарды мындан ары согушууга түртүү”, "тынчтык жараянын баштоого бут тосуу аракети" деп билдирди жана Германиянын позициясын “жоопкерчиликсиз” деп сыпаттады.


Шерине

XS
SM
MD
LG