Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Иранда дагы бир киши соттун өкүмү менен дарга асылды


Иран “Израилдин пайдасына тыңчылык кылган” жана “мыйзамсыз жол менен байыган” деп айыпталган Педрам Мадани дарга асылганын билдирди. Укук коргоочулар анын сот ишинде "олуттуу кемчиликтер" кетирилгенин жана "басым астында айыбын моюнга алганын" айтышат.

Ирандагы адам укуктарына көз салган уюм 25-майда Мадани тегерандагы Эвин түрмөсүнөн Караждагы абакка которулганда өмүрү “коркунучка” кептелгенин маалымдаган.

Мадани Израилдин пайдасына "тыңчылык кылган" деген айып менен 2020-жылы камалган.

Ислам революциясынын соту аны коррупция үчүн өлүм жазасына өкүм кылган. Кийин Жогорку сот өкүмдү үч ирет жокко чыгарып, бирок төмөнкү инстанциядагы соттор Маданиге кайрадан жогорку жазаны чектөөнү колдогон.

Бир нече күн мурун Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму быйыл май айынын 25 күнүндө эле кеминде 113 киши соттун өкүмү менен дарга асылганын билдирген. Жыл башынан бери 478 кишинин өлүм жазасы ишке ашырылган. Бул былтыркы жыл менен салыштырганда 75% көп.

HRW мындай көрсөткүч эл аралык коомчулук Иран бийлигине кысым көргөзүшү керектигинен, мораторий киргиздирүү зарылдыгынан кабар берет деп эсептейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG