Чернышевск-Чита жолундагы кырсыкта эки кыргыз жараны мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 20-майда Орусиянын Забайкал крайындагы Карымск кыштагындагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны набыт болгонун билдирди. Окуя Чернышевск-Чита жолунда орун алганын, 2003-жылы туулган П.Б менен 2005-жылы туулган П.М аттуу жарандар бараткан машина жеңил жүк ташуучу унаа менен кагылышканын кабарлады.

"Орусиянын тиешелүү органдары бул окуяны териштирип жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кыргызстандын элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышып, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Региондогу кыргыз диаспорасы менен бирге ал жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр жыл аягында, Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районундагы Алдаркино айылынын жанындагы жол кырсыгында төрт кыргызстандык жаран каза болгон.

ТИМ 2024-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдөн 15 жарандын сөөгү алынып келгенин билдирген.

Дагы караңыз

Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндин ишин көзөмөлүнө алганын билдирди Трамп Түштүк Африканын бийлигин ак терилүү жарандарды куугунтуктоого айыптады Украина Москва, Тула жана Новомосковскиге дрондор менен чабуул жасаганы кабарландыБишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлдуАтайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын билдирди ӨКМ Балыкчынын кире беришиндеги куураган көчөттөр жөнүндө түшүндүрмө берди Сот Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты