"Кемпир-Абад" иши: Илгиз Шаменовдун ишин шаардык сот өзүнчө карайт

"Кемпир-Абад" ишине байланыштуу кармалып, акталгандар. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" ишинде активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) делосун ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болду. Бул тууралуу "кемпирабадчылардын" бири, экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Шаменов менен анын адвокаты бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Равшан Жээнбеков 23-майдагы процессте шаардык соттун судьясы Адис Момуналиевге "ишенбестик" көрсөтүшкөнүн, бул өтүнүч четке кагылганын билдирди. Судья өзү буга байланыштуу түшүндүрмө берген жок.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.

Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана процесс былтыр 6-августта башталган.

Былтыр 29-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, акталгандар менен жолуккан. Алардын арасында Илгиз Шаменов дагы болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон.

Дагы караңыз

Атайын кызмат Ош шаарынын казысы кармалганын ырастады ИИМ: "Кумтөрдүн" менеджерлеринин бири пайдасыз келишим түзүүгө шек саналып кармалдыТрамптын администрациясы Гарвардды чет өлкөлүк студенттерди окутуу укугунан ажыратты Орусия менен Украина айырбаштала турган туткундардын тизмесин такташты Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берилди Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнЧернышевск-Чита жолундагы кырсыкта эки кыргыз жараны мерт болду Өкмөт Ош облусундагы жолдорду оңдоп-түзөөгө кошумча 4 млрд сом бөлдү