Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 22-майда Ош облусундагы сапары маалында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолун оңдоо иштери менен таанышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы бул жолдун жалпы 34 чакырымы толук оңдолорун, ал үч этап менен быйыл ишке ашарын билдирди. Аталган облуска быйыл жол оңдоо, куруу иштерине кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады.
"Долбоордун биринчи этабында Өзгөн шаарына караган 4,5 чакырым жолдо иш жүрүүдө. Бул аймакта жол төрт тилкелүү болуп, эки четинде тротуар, жашыл аянт жана ирригациялык курулуштар жүргүзүлөт. Быйыл Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка облустагы стратегиялык маанидеги Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков, Ош — Кара-Суу унаа жолунун жана Ноокат — Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгү оңдолмокчу",-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин 2025-жылы жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого жалпысынан 3 миллиарддан ашык сом каралганы, каражат Жол фондунан алынары маалымдалган.
Шерине