Кыргызстанда инфляция деңгээли өсүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий веб-сайты. 24-май 2025-жыл.

Кыргызстанда инфляциянын жүрүшү ылдамдады. Улуттук банктын май айындагы маалыматын карасак, инфляциянын деңгээли 7,1% болуп турат. Апрель айында анын көрсөткүчү 6,9% болчу. 2024-жылдын май айында инфляция 5,2% түзүп турган.

Бул 2023-жылдын декабрынан (7,3%) берки эң жогорку көрсөткүч болууда.

Trading Economics аналитикалык ресурсу жазгандай, Кыргызстандагы инфляциянын ылдамдашына турак жай менен коммуналдык кызматтарга (10,8%) жана тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктарга (8,5%) баанын өсүшү түрткү берүүдө.

Бирок анын жалпы өсүшүн саламаттык сактоо, кийим-кечек, транспорт жана үй-тиричилик буюмдарынын арзандашы бир аз жайлата алган.

Керектөө бааларынын индекси апрель айында 0,4% болду. Мартта анын көрсөткүчү 0,2% болчу.

Дагы караңыз

Казакстанда репрессия курмандыктарын эскерүү акцияларына уруксат берилбей жатат“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”Орусияда журналист Илья Азарды камоо боюнча сыртынан өкүм чыктыЭт менен картөшкө кымбаттап жатат