Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

Эт менен картөшкө кымбаттап жатат


Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.
Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.

Кыргызстанда жыл башынан бери эт менен картөшкөнүн баасы 6 пайыздан дээрлик 40 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинин бааларга мониторинг жүргүзгөн расмий маалыматына ылайык, 1-январдан 23-майга чейинки аралыкта уйдун эти 6%, кой эти 10,9% жана жылкы эти 7,1% кымбаттады. Ал эми картөшкөнүн баасы жыл башынан бери 39,3% көтөрүлдү.

Күн карама майы менен биринчи сорттогу ундун баасында да 2-5% өсүү бар. Ал эми сүт менен жумуртканын баасы, тескерисинче, 5-12% арзандаган.

Улуттук статистика комитети өлкөдөгү керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын соңуна карата 102,2% деп белгилейт. Улуттук банктын сайтында учурда инфляциянын деңгээли 7,1% деп турат.

Былтыр Айыл чарба министрлигинин сунушу менен кыргыз дыйкандары Өзбекстанга 120 миң тонна картөшкө экспорттогон болчу. Кыргызстандагы картөшкө тартыштыгынан улам бааны турукташтыруу үчүн жыл башынан бери Кытайдан картөшкө импорттолуп жатат. Жылдын биринчи чейрегинде Кытайдан 34,5 миң тонна картөшкө импорттолду.

Кыргызстан 2024-жылы Өзбекстанга 130 миңден ашуун бодо мал, миңден ашуун жылкы 233 миң кой-эчки экспорттогон. Быйылкы жылдын башынан бери бодо мал, жылкы жана үй канаттууларын Орусиядан импорттоо көрсөкүчү беш эседен 10 эсеге чейин өстү.

Шерине

XS
SM
MD
LG