Мумбаидеги жана айланасындагы бир катар жерлерди суу каптады

Мумбаи. Архив

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөгөн жаандан улам транспорт каттамы үзгүлтүккө учурап, бийлик сел коркунучун эскертти.

Штаттын борбору Мумбаидеги жана айланасындагы бир катар жерлерди суу каптады. Дүйшөмбүдө өлкөнүн Метеорологиялык башкармалыгы аба ырайына байланышкан коркунучтун деңгээлин көтөрдү.

Махараштранын жетекчисинин орун басары Экнат Шинде жергиликтүү бийликтерге абалды көзөмөлдөөнү жана чукул жардамды дароо көрсөтүп турууну тапшырды. Элге үйдөн чыкпай, көрсөтмөлөрдү аткаруу эскертилди.

Метеорологдор жекшембиде катуу жаан-чачын (жайкы муссон) быйыл штатта 5-июнда башталат деп билдирген, бирок нөшөр ага чейин эле каптады.

The Indian Express гезити жазгандай, Махараштрада 1990-жылдан бери сезондук жаан-чачын мынча эрте башталган эмес.

Индиянын эң түштүгүндө орун алган Керала штатында муссон жаан-чачыны адаттагыдан 16 күн мурун, ишембиде башталган.

Муссон учурунда Индиянын суу сактагычтары 70 процентке камсыздалат. Дыйкандар көп учурда июнь-сентябрда жааган жаан-чачындан көз каранды.

Дагы караңыз

Казакстанда репрессия курмандыктарын эскерүү акцияларына уруксат берилбей жататЖК: соттуулугу жоюлгандарга жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салган мыйзам долбоор каралдыРумыниянын жаңы президенти Никушор Дандын инаугурациясы өтүүдө