Жогорку Кеңеште сот күнөөлүү деп тапкан, бирок соттуулугу жоюлган же кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине, тараптардын келишип алганына же моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп бергенине байланыштуу кылмыш иши кыскарган жарандарга президент, Министрлер кабинетинин төрагасы, мүчөсү кызматына дайындоого, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоор каралды.
Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 26-майда бул документтин концепциясын жактырып, биринчи окууда кабыл алды. Долбоор тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков баяндама жасады.
Талкуу маалында айрым депутаттар жашоодогу ар кандай кырдаалдарда иш ачылып калган, соттуулугу жоюлган жарандарга саясий кызматтарга келишин, депутат болуп шайлануу укугун чектеши мүмкүн экенин айтышты. Депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөдө сот системасына толук ишеним жок экенин белгиледи.
"Азыр соттуулугу жоюлган жарандар Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Азыр сиздер сунуштап жаткан долбоорго ылайык, кокусунан мушташып, урушуп кетсе, иш козголуп калса, бирок тараптар өз ара келишип сүйлөшүп алып иш кыскарса деле депутат боло албай калат экен. Биз андай адамдардын укугун чектеген жокпузбу? Эмдиги жылы шайлоо болот, азыртадан эле өзүңөргө ыңгайлуу талапкерлерди элеп жатасыңар деген сөздөр айтыла да баштады. Бизде азыр сот системасы кынтыксыз эмес. Сот чечимдерине нааразы болгондор көп",-деди Сурабалдиева.
Мыйзамдын авторлору мындай өзгөртүүнү жогорку кызмат орундарга барчу адамдарга талап күчөтүлгөнү менен түшүндүрүштү. УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу бул долбоор сотто толук акталгандарга тиешелүү эмес экенин белгиледи:
"Эң жогорку мамлекеттик кызматка толук таза адамдардын келишине, элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүүгө багытталган. Президентке, өкмөт башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө талаптар жогорку болушу керек. Эл арасында дагы мындай кызматтарга соттуулугу жоюлган болсо дагы келбеши керек эле деген пикирлер айтылган. Биз баарын талдап туруп ушундай долбоор даярдадык".
Жогорку Кеңештин азыркы курамында, буга чейинки чакырылыштарда дагы депутаттар арасында, жогорку мамлекеттик кызматтарда отургандардын ичинде убагында кылмыш иши козголгон, ар кандай, кээде бүдөмүк жагдайларда аяктаган, соттуулугу жоюлгандар бар.
Шерине