Дүйшөмбүдө Румыниянын жаңы президенти Никушор Дан ант берип, кызматына киришип жатат. «Азаттыктын» румын кызматы жазганына караганда, биринчи салтанат парламенттин кош палатасынын жыйынында өтүп, андан ары президенттердин Котрочень сарайында уланмакчы.
«Румындардын биримдиги үчүн альянстын» депутаттары инаугурацияга катышпай турганын, аземге барышса «элдин суверенитетине сокку урууга тете болорун» айтышты. Партиянын талапкери Жорже Симион президенттик жарыштын экинчи баскычында Бухаресттин мэри, европачыл саясатчы Данга утулуп калган.
Мунун алдында Конституциялык сот ашынган оңчулдардын талапкеринин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу арызын негизсиз деп четке каккан.
20-майда Симион сотко кайрылганда шайлоого чет өлкөлөр, асыресе Франция кийлигишкен деген доомат арткан. Расмий Париж мындай айыптоону четке каккан.
Саясатчы соттун добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруудан баш тартканын «мамлекеттик төңкөрүш» деп атаган.
Президенттик шайлоонун экинчи туру 18-майда өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы өнөктүктүн жеңүүчүсү деп 53,6% добуш алган Данды тааныган. Ал эми ашынган оңчулдардын талапкерине 46,4% тийген.
38 жаштагы Симион коңшу Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну жактайт, Евробиримдик жетекчилигин сындайт жана АКШ президенти Дональд Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз!” деген кыймылын колдой турганын билдирип келет.
Шерине