Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды
Энергетика министрлиги май айынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл камалды. Президент былтыр өлкөдө күтүүсүз аскердик абал киргизген соң парламент ага импичмент жарыялаган.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат
-
Май 19, 2025
Газа: Израил жердеги ири операциясын баштады
Шерине