Президент Садыр Жапаров майрам күндөрдү кыскартууну караган жаңы Эмгек кодексине кол койду. Маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Мыйзамда бир катар өзгөртүүлөр камтылган. Ага ылайык, мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын саны кыскарат. Жаңы жылдык жана май айындагы каникулдар белгиленип, дем алыш күндөрүн которуу ченеми жокко чыгат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын түзүү, кош бойлуу, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салуу каралган. Мындан сырткары эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.
Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун 18-декабрда кабыл алган. Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон калат, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. Январдын башында жаңы жылдык жана май айынын башында майрамдык эс алуу (каникул) болот.
Документти Министрлер кабинети иштеп чыккан.
Кыргызстандын алгачкы Эмгек кодекси 1998-жылы кабыл алынган. Азыр колдонулуп жаткан экинчи редакциясы 2004-жылы, 20 жыл мурун кабыл алынып, бир нече жолу өзгөртүү киргизилген. (КЕ)
Шерине