Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Карагандыда активист Бакытжан Жансейитов 15 күнгө камалды


Казак полициясынын машинеси
Казак полициясынын машинеси

22-майда Казакстандын Караганды шаардык соту активист Бакытжан Жансеитовду "тынч чогулуш өткөрүүнүн тартибин бузду" деп таап, 15 күнгө камакка алды.

Соттун өкүмүндө активист “элди 31-майда Караганды шаарынын борбордук паркында саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү жүрүшүнө катышууга чакырганы” айтылат. Жансейитов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, анын социалдык тармактагы аккаунтун бузуп кетишкенин айтты.

23-майда бир күн мурун кармалган дагы бир активист Болотбек Токмырза боюнча да сот өкүмү чыгат. Анын жакындары сот процесси тууралуу маалымат бериле электигине нааразы.

"Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү тургундардын пикирине таянып, дагы бир активист кармалганын жазды. Анын аты-жөнү тактала элек.

Маалыматка караганда, активисттер 23-майда шаардын борбордук бөлүгүндө чогулуп, казак бийлигине камактагы саясий туткундарды бошотуу, Кытай менен визасыз режимди жокко чыгаруу өңдүү бир катар талаптарды коюуну пландашкан.

Мунун алдында активисттер жергиликтүү бийликтин куугунтуктоосуна туш болгонун айтышкан. Караганды шаардык соту акимат иш-чараны уюштурууга уруксат бербегенин журналисттерге билдирди.

Буга чейин Астана, Өсткемен, Семей, Орол, Павлодар жана башка шаарларда бир катар активисттер саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнүндө митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатканын билдиришкен. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG