Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Орусия Курск облусу чабуулга кабылып, 12 киши жабыркаганын билдирди


Курск.
Курск.

Орусиянын бийлиги Курск облусу 23-майга караган түнү чабуулга кабылганын билдирди. Облустун губернатору Александр Хинштейн Льгов шаарына жасалган чабуулдан 12 киши жабыркаганын, арасында жашы жете элек балдар дагы бар экенин кабарлады.

Хинштейн өзүнүн Telegram каналына жазганына караганда, шаар тургундарына дрон сыныктары тийип жаракат алган. Андан сырткары төрт автоунаа, көп кабаттуу үй жана эки турак жай жабыркаганы кабарланды.

Орусиянын Белгород облусунун бийлиги өткөн түнү Шебекино шаары чабуулдарга туш болгонун, үч адам жабыркаганын билдирди.

23-майга караган түнү Орусиянын баш калаасына дагы дрон чабуулу болгону кабарланды. Шаар мэри Сергей Собяниндин айтымында, Москвага багытталган 12 дрон жок кылынган.


Росавиация Нижний Новгород жана Жуков аэропортторуна убактылуу чектөө киргизилгенин жарыялады. Внуково жана Домодедово, Жуков аба майдандары убактылуу жабылганын билдирди. Жараат алгандар, жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

Украина тарап Орусияга болгон чаабулдар тууралуу комментарий берген жок.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG