Түндүк Кореяда жаңы аскердик кемени сууга чыгаруу учурунда болгон окуяга байланыштуу кеме куруучу ишкананын бир нече кызматкери кармалганын 25-майда бул өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.
Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Чхонжин порт шаарындагы кеме куруучу жана оңдоочу ишкананын башкы инженери баштаган кызматкерлер тобу бул окуя үчүн жооптуу деп айыпталууда.
Эң мыкты куралданган жаңы кемени сууга чыгаруу иш-чарасы 21-майда өткөнү, ага өлкө башчысы Ким Чен Ын катышканы, салмагы 5000 тонналык кеме оодарылып кеткени, окуя чоң кырсык катары бааланып жатканы кабарланууда. Сууга түшүрүп жатканда кеме тең салмактуулукту жоготуп, капталынан жатып калганы, Ким Чен Ын буга өтө ачууланганы жана окуяны жооптуу адамдардын кылмышы, мамлекеттин аброюна шек келтирген уят иш деп атаганы белгилүү болду.
Ким кемени оңдоо иштерин Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын июнда өтө турган маанилүү отурумуна чейин оңдоп бүтүүнү талап кылды. (RK)
Шерине