Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Ишкер Таабалды Эгембердиев тууралуу балдарга арналган китеп чыкты


Кыргызстанда балдарга арналган "Таабалды Эгембердиевдей кантип жаратман боло алам?” аттуу китеп жарык көрдү.

"Китепстан" басма үйүнүн жетекчиси, Бакытбек Абдуллаевдин белгилешинче, китеп ишкердин өрнөктүү өмүрүн чагылдырат. Чыгармачылык, талбас эмгек жана билимге умтулуу менен кыялдарын орундатып, жашоону өзгөртсө болот деген ишеним тартуулайт. Балдарды эркин, жаратман жана ар тараптуу болууга шыктандырат.

Китепти Жаңыл Каримова жазып, сүрөттөрүн Эльнур Исаков тарткан.

Аталган басма үйү ушуну менен 51-китепти басып чыгарды. Буга чейин Стив Жобс, Опра Уинфри, Фил Найт, Инвар Кампрад баштаган дүйнөдөгү атактуу адамдар тууралуу балдарга арналган шыктандыруучу китептердин сериясын даярдаган.

“Китепстан” негизинен дүйнөлүк бестселлер китептерди кыргызчага которот.

Таабалды Эгембердиев (1950–2015) – 1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөчүлөрдүн алдыңкы сабында турган жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салымын кошкон.

Өлкө эгемендикке жеткен алгачкы жылдары коомдогу өзгөрүүлөр тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде жазган курч макалалары аркылуу публицист катары таанылган.

1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеп, жарма, максым, кымыз, айран сыяктуу суусундуктардан киреше тапса болорун далилдеген. 1996-жылы базар экономика шартында жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Этнотуризмди жандандыруу максатында “Супара” жана “Супара Чуңкурчак” компанияларын түптөгөн.

Адабият, маданият, спорт тармактарына үзгүлтүксүз демөөрчүлүк көрсөтүп келген жана Ордо федерациясын жетектеген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2024-жылы өлкө боюнча кыргыз тилинде 1020 китеп жана брошюра чыгып, жылдык нуска 1,6 млн ашкан. Өлкөдө бир адамга 245 китеп туура келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG