Трамптын администрациясы Гарвардды чет өлкөлүк студенттерди окутуу укугунан ажыратты

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Гарвард университетин чет өлкөлүк студенттерди окутуу укугунан ажыратты.

Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын ички коопсуздук министрлиги кабарлады. Министр Кристи Ноэм аталган окуу жайдын студенттерди алмашуу программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген сертификатын жокко чыгарууга буйрук берди.

Эми АКШда билим алгысы келген чет өлкөлүктөр F же M классындагы виза алышы керек. Аларды тиешелүү сертификаты бар гана университеттер окута алат жана визага керектүү документтерди бере алат.

Ушул тушта Гарвардда окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер башка окуу жайларга которулушу керек, болбосо алар АКШда жүрүү укугунан ажырашат.

Гарвард өз билдирүүсүндө Трамптын администрациясынын аракеттерин мыйзамсыз деп атады.

"Биз Гарварддын 140тан ашык мамлекеттен келген жана университетти, бул мамлекетти байыткан эл аралык студенттерди жана окумуштууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн сакталышына бекем турабыз",-деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн айда Гарвард Трамптын администрациясын университеттин 2 миллиард доллардан ашык мамлекеттик каржылоо программасын токтотуп койгону үчүн федералдык сотко берген.

АКШ президентинин администрациясы университеттен башкаруу системасын реформалоону, кабыл алуу эрежелерин өзгөртүүнү, кампустагы ар түрдүүлүк боюнча көз караштарды текшерүүнү жана айрым студенттик клубдарды таануудан баш тартууну талап кылган. Университет аны четке каккандан кийин дминистрация Гарвардга бөлүнгөн 9 миллиард доллардын ичинен 2,2 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоону токтотуп койгон.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина айырбаштала турган туткундардын тизмесин такташты Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берилди Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнЧернышевск-Чита жолундагы кырсыкта эки кыргыз жараны мерт болду Өкмөт Ош облусундагы жолдорду оңдоп-түзөөгө кошумча 4 млрд сом бөлдүАкыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндин ишин көзөмөлүнө алганын билдирди Трамп Түштүк Африканын бийлигин ак терилүү жарандарды куугунтуктоого айыптады Украина Москва, Тула жана Новомосковскиге дрондор менен чабуул жасаганы кабарланды