ИИМ: "Кумтөрдүн" менеджерлеринин бири пайдасыз келишим түзүүгө шек саналып кармалды

"Кумтөр" ишканасы, архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги ИИМ "Кумтөр Голд Компани" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиринин бири Ж.А камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Анын негизинде компания 16 миллион сомдон ашык зыянга учураганы аныакталганын белгиледи.

"ИИМ "Кумтөр Голд Компанинин" кызмат адамдарынын өз укугун кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Тергөөгө ылайык, айрым жетекчилер жеке кызыкчылыгын көздөп, пайда көрүү, айрым юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасир этүү максатында майды сатууда билип туруп пайдасыз келишимдерди түзгөн. Натыйжада, ишкана зыянга учураган. Көз карандысыз аудитордун корутундусуна ылайык, майдын бир бөлүгү каржылык мыйзам бзуу менен сатылган жана анын негизинде 2023-2024-жылдары зыяндын жалпы суммасы 16 461 900 сомду түзгөн",-деп жазылган маалыматта.

Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына киргизлди. Анын жакындары, жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Башкы прокуратура 2022-жылы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен кошо эки кызматкерди камаган. Бир жылдан кийин сот Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган жана үй камагынан бошотур, банк эсептери камактан бошотулган. Башкы көзөмөлдөөчү орган кылмышка шектүүлөрдөн жалпы 844 млн 512 858 сом өндүрүлгөнүн билдирген, бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

Эсеп палатасы 2023-жылы “Кумтөр" 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталганын жарыялаган. Анда "Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млн 908 миң доллар жумшаганы кабарланган.

Дагы караңыз

Трамптын администрациясы Гарвардды чет өлкөлүк студенттерди окутуу укугунан ажыратты Орусия менен Украина айырбаштала турган туткундардын тизмесин такташты Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берилди Вашингтондо Израил элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнЧернышевск-Чита жолундагы кырсыкта эки кыргыз жараны мерт болду Өкмөт Ош облусундагы жолдорду оңдоп-түзөөгө кошумча 4 млрд сом бөлдүАкыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндин ишин көзөмөлүнө алганын билдирди