Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарынын казысы менен кошо дагы бир диний кызматкер кармалганын ырастады. Атайын кызмат көптөн бери бул казыятта мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирди.
"Ош шаардык казыятынын кызматкерлери мечит, медреселердин кызматкерлеринен такай акча чогултуп келген. Бул казыяттын ишине эле эмес, бийликке карата да нараазычылыктарды жараткан. Мындай фактыларда улам УКМКга арыз түшкөн. Атайын кызматтын аймактык башкармалыгы Кылмыш-жаза кодесинин 209-беренеси (алдамчылык)( менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталган. Соттун уруксаты менен Т.М.Б, М.Ж.М, Д.Б.Х. жана С.А.К аттуу кызматкерлердин үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Акча чогултуу фактысына байланыштуу Т.М.Б менен М.Ж.М УКМКнын Оштогу убактылуу кармоочу жайына киргизилди",-деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана кармалгандардын жакындар, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында айрым жергиликтүү басылмалар Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев камалганын билдиришкен. Ал Ош шаарынын казысы болуп 2023-жылдын башында дайындалган. Ага чейин, 2019-жылдан бери шаардык казынын орун басары болуп турган.