Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров 26-майда Ош шаарында жергиликтүү имамдар, диний кызматкерлер менен жыйын өткөрдү. Муфтияттын басма сөз кызматынын билдиришинче, аларга айрыкча финансылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүү керектигин эскертти.
"Оболу Жараткандын мыйзамын так сактап, шариятка толук баш ийели. Ошону менен катар мыйзамдарга жана өзүбүздүн диний башкармалыктын уставына ылайык иш алып баралы. Биз мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекеттин жараны болгон соң өз ишмердүүлүгүбүздү, мисалы, финансылык иштерди тиешелүү нормативдерге ылайык жүргүзбөсөк, ниетибиз калыс, оюбуз таза болсо да, бирок ал укуктук жактан жаңылыш болуп калат",-деген муфтий.
Ошол күнү Ош шаардык казыяттын башчысы болуп Самидин Атабаев дайындалган.
Шаардын ага чейинки казысы Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда ырасталган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) көптөн бери бул казыятта мыйзамсыз акча чогултуу фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирген.
Токтомушев бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан. Ош шаардык соту ага айып катары коюлуп жаткан кылмыштын түрү оор деп эсептелерин билдирип, бирок туруктуу жашаган дареги, жашы жете элек эки баласы бар экени, мурда соттолбогону, саламаттыгы начар экени, жакында эле дарыланып чыкканы эске алынганын маалымдаган.
Ал өзү соңку окуялар тууралуу комментарий бере элек. Муфтият дагы Ош шаарынын буга чейинки казысынын кармалганы тууралуу расмий үн каткан эмес.